Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 30-марты № 117
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 21-статьяга карата эскертүүлөрдүн экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Уюштуруучу-тескөөчүлүк же администрациялык-чарбалык милдеттерин аткаруу менен байланышкан администрациялык укук бузууларды жасаган юридикалык жактардын (уюмдардын) жетекчилери жана кызматчылары менчигинин формасына карабастан кызмат адамдары катары администрациялык жоопкерчиликти тартышат.".
2. 23-статьяга карата эскертүү төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ишкердик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу менен байланышкан укук бузууларды жасаган жеке ишкерлер юридикалык жак катары администрациялык жоопкерчилик тартат.".
3. 23-глава төмөндөгүдөй мазмундагы 326-1-статья менен толукталсын:
"326-1-статья. Объектилерди инженердик-техникалык камсыздоо
тармактарына кошулууга карата техникалык
шарттамаларды берүүнүн белгиленген тартибин жана
мөөнөттөрүн бузуу же болбосо андан негизсиз баш
тартуу
Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулууга белгиленген техникалык шарттарды берүүдөн негизсиз баш тартуу же белгиленген тартипте бербөө-
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуудан негизсиз баш тартуу же инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун белгиленген тартибин бузуу -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн сексен өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 404-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"404-статья. Лицензияны же уруксатты берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу
же белгиленген тартипте бербөө
Лицензияны же уруксатты берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу же белгиленген тартипте бербөө, ошондой эле лицензия же уруксат берүүдөн негиздүү баш тартууну белгиленген тартипте бербөө -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салуу алып келет.".
5. 452-статьянын экинчи абзацындагы "он өлчөмүндө" деген сөздөр "кызмат адамдарына жүз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 454-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"454-статья. Объекттерди мыйзамсыз куруу
Курулушка макулдашылган долбоордук документтердин жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте экспертизанын оң корутундусунун негизинде берилүүчү уруксат албастан объекттерди куруу, -
объекттерди баштапкы абалына келтирүү менен жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
7. 456-статьяда:
статьянын аталышындагы "өз алдынча" деген сөздөр "мыйзамсыз" деген сөз менен алмаштырылсын;
1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацтагы "өз алдынча" деген сөздөр "мыйзамсыз" деген сөз менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы "эсептешүү көрсөткүчтүн экиден беш өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "объектти баштапкы абалына келтирүү менен жарандарга - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгү алып салынсын.
8. 465-статьяда:
- статьянын аталышындагы жана биринчи абзацтагы "өз алдынча" деген сөздөр "мыйзамсыз" деген сөз менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы "бекитилген долбоордук документацияга ылайык объектини калыбына келтирүү менен аткарылган иштердин наркынын ондон жыйырма пайызы өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "объектти баштапкы абалына келтирүү менен жарандарга - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 466-статьянын экинчи абзацындагы "курулушту токтотуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн бештен он өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "белгиленген тартипте кабыл алынганга чейин курулушту токтотуу менен жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 33-глава төмөндөгүдөй мазмундагы 468-1-статья менен толукталсын:
"468-1-статья. Долбоордук документтерди иштеп чыгууда долбоорлоо
нормаларын бузуу
Долбоорлоо уюму же долбоорлоочу долбоорлоо документтерин иштеп чыгууда долбоорлоо нормаларын бузса -
жол берилген эреже бузууну четтетүү менен юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
жол берилген эреже бузууну оңдоо менен юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана лицензиясынан (уруксатынан) ажыратууга алып келет.".
11. 469-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"469-статья. Объекттерди долбоорлоого архитектуралык-пландоо
шарттарын берүүнүн, долбоорлоо документтерин
макулдашуунун жана экспертизалоонун тартибин бузуу
Кызмат адамдарынын объекттерди долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын берүүнүн, долбоорлоо документтерин макулдашуунун жана экспертизалоонун тартибин бузушу -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
12. 470-статья алып салынсын.
13. 471-статьяда:
экинчи абзацындагы "экспертизанын корутундусун жок кылуу менен жүргүзүлгөн иштердин наркынын ондон жыйырма пайызы өлчөмүндө" деген сөздөр "экспертизанын корутундусун жокко чыгаруу менен кызмат адамдарына - жетимиш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотуу менен кызмат адамына - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана лицензиясынан (уруксатынан) ажыратууга алып келет.".
14. 472 жана 473-статьялар алып салынсын.
15. 474-статьяда:
экинчи абзацындагы "жол берилген тартип бузууну жана бракты күнөөлүү адамдын эсебинен оңдоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отуз өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "жол берилген эреже бузууну оңдоо менен жарандарга - он беш, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
жол берилген эреже бузууну оңдоо менен жарандарга - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана лицензиясынан ажыратууга алып келет.".
16. 475-477-статьялар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"475-статья. Курулуштун көлөмдүк-планировкалык жана конструкциялык
чечимдерди өзгөртүү менен реконструкциялоонун,
кайрадан профилдештирүүнүн жана планировкалоонун
объекттерин иштетүүгө кабыл алуунун тартибин бузуу
Курулуштун көлөмдүк-планировкалык жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен реконструкциялоонун, кайрадан профилдештирүүнүн жана планировкалоонун объекттерин иштетүүгө кабыл алуунун тартибин бузуу -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса,
кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотуу менен кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
476-статья. Жаңы курулуштун көлөмдүк-планировкалык жана
конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен
реконструкциялоонун, кайрадан профилдештирүүнүн
объекттерин белгиленген тартипте иштетүүгө кабыл
албастан пайдалануу
Жаңы курулуштун көлөмдүк-планировкалык жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен реконструкциялоонун, кайрадан профилдештирүүнүн объекттерин белгиленген тартипте иштетүүгө кабыл албастан пайдалануу -
объект белгиленген тартипте кабыл алынганга чейин аны пайдаланууну токтотуу менен жарандарга - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
477-статья. Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл
органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо же өз убагында
аткарбагандык
Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо же өз убагында аткарбагандык -
эреже бузуулар жоюлганга чейин курулушту токтотуу менен жарандарга - он беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, -
эреже бузууну оңдогонго чейин курулушту токтотуу менен жарандарга - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
17. 478 жана 482-статьялар алып салынсын.
18. 508-статья "420-422," деген цифралардан кийин "454," деген цифралар менен толукталсын.
19. 525-статьяда:
1-бөлүгүндө:
- "454-статьянын биринчи бөлүгүндө" деген сөздөр алып салынсын;
- "455-475, 477-480, 482-486" деген цифралар "455-469, 471, 474, 475, 477, 479, 480, 483-486" деген цифраларга алмаштырылсын;
2-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл органынын жетекчиси;".
20. 534-статьянын 1-бөлүгүндөгү "326" деген цифра "326-1" деген цифрага алмаштырылсын.
21. 541-статьянын 1-бөлүгүндөгү "454-статьясынын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2009-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |