Загрузка документа…
КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 175 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 14-апрели № 120
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 8, 546-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 14-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы "тоскоолдуксуз" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте," деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 15-статьянын 1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылууга милдеттүү актыларды жөнөтүү;"
3. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-статья. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кылган кызмат
адамдарынын иш-аракетинин (аракетсиздигинин) үстүнөн
даттануу
Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кылган кызмат адамдарынын иш-аракетинин (аракетсиздигинин) үстүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга болот.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |