Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 17-апрели № 128
"Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 4-июль, 2001-жыл, № 48) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
12-статья төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын абалын контролдоо тартиби жана жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |