Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 25-апрели №130
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
31-статьянын 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жарнак берүүчү, жарнак чыгаруучу же жарнак таратуучу мамлекеттик монополияга каршы органдын же анын аймактык органынын (алардын кызмат адамдарынын) иш-аракетинин (аракетсиздигинин) үстүнөн ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тууралуу мыйзамдарга жана администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанууга укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |