Редакцияот 27.04.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 27-апрели № 131

 

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл. № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

44-статьяда:

экинчи абзацындагы "белгиленген тартипте кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

үчүнчү абзацы "текшерүү" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

К. Бакиев