Загрузка документа…
ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2009-жылдын 30-апрели № 140
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 21-статьяга карата эскертүүнүн биринчи абзацы "мамлекеттик органдардагы уюштуруу-тескөө же администрациялык-чарбалык милдеттерди" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында контролдук-көзөмөлдөөчү милдеттерди" деген сөздөр менен толукталсын;
2. 27-статьянын 9-13-пункттары 8-12-пункттар деп эсептелсин.
3. 31-статья "жарандарга," деген сөздөн кийин "юридикалык жактарга," деген сөздөр менен толукталсын.
4. 35-статьяда ",орган (кызмат адамы) тарабынан өз компетенциясынын чектеринде" деген сөздөр алып салынсын.
5. 48-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"48-статья. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Администрациялык укук бузууну жасаган адам администрациялык укук бузуу менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
Күнөөлүү адамдын бул зыяндын ордун толтуруп берүү маселеси өлчөмүнө карабастан сот (судья) аркылуу чечилет.
Сот администрациялык укук бузуу ишин караганда, эгерде мүлктүк зыяндын ордун толтуруу боюнча талап болбосо, администрациялык жазаны берүү менен бирге мүлктүк зыяндын ордун толтуруу маселесин чечет.
Мүлктүк зыяндын ордун толтуруу боюнча талаш-тартыштар жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде сот аркылуу чечилет.".
6. 62-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"62-статья. Кызмат адамынын жарандардын же юридикалык жактардын кайрылууларын кароодон мыйзамсыз баш тартышы
Кызмат адамынын жарандардын же юридикалык жактардын кайрылууларын кароодон мыйзамсыз баш тартышы, жүйөөлүү себептерсиз аларды кароонун мөөнөттөрүн бузушу, негизсиз, мыйзамга каршы келген чечимдерди кабыл алышы, ошондой эле жарандын же юридикалык жактын бузулган укуктарынын калыбына келтирилишин камсыз кылбашы, -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
7. 310-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"310-1-статья. Кызматтык милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткарылышы
Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы керектөөчүлөрдүн, жеке ишкерлердин же юридикалык жактардын укуктары, эркиндиктери жана кызыкчылыктары жагындагы мамилелерди жөнгө салуучу милдетин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткарылышы,-
кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмадан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Администрациялык жаза чараларын колдонуудан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле аракеттер,-
кызмат адамына ээлеген кызматынан бошотуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
8. 400-статьянын 1-бөлүгүндө:
биринчи абзацындагы "Президентинин указдарынын жана" деген сөздөр "Президентинин указдарынын," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "элүүдөн" жана "чейин" деген сөздөр алып салынсын; "өлчөмүнө" деген сөз "өлчөмүндө" деген сөз менен алмаштырылсын.
9. 400-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"400-1-статья. Кызмат адамдарынын жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү
Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде көзөмөлдүк жана контролдук иш-милдеттерди аткаруучу кызмат адамдарынын жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине, анын ичинде төмөнкүдөй жолдор менен мыйзамсыз кийлигишүүсү:
- кызмат адамы тарабынан жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарына, эркиндиктерине, милдеттерине жана кызыкчылыктарына шек келтирген, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген ченемдик укуктук жана башка актыны чыгарышы;
- кызмат адамдары күчүн белгиленген тартипте жоготкон, сот тарабынан жараксыз деп табылган, же ыйгарым укуктуу органдар тарабынан күчү токтотулган, ошондой эле юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөгөн же белгиленген тартипте жарыяланбаган ченемдик укуктук актыларды мыйзамсыз колдонушу;
- кызмат адамы тарабынан анын ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан жана жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттердин жасалышы;
- мыйзамда каралбаган ар кандай жыйымдарды жана төлөмдөрдү белгилөө;
- мыйзамсыз тапшырмаларды берүү жана талаптарды коюу,-
эсептешүү көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, администрациялык жаза чарасын колдонуудан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле аракеттер,-
ээлеген кызматынан бошотуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
10. 557-статьянын 1-бөлүгү "кызмат орду" деген сөздөрдөн кийин ", кызматтык күбөлүгүнүн номери" деген сөздөр менен толукталсын;
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент Кыргызской Республики |
К. Бакиев |