Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 30-апрели № 144
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 6-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Пландык текшерүүлөр эпидемиологиялык маанисине жана объекттин коркунучуна жараша жылына төрт жолкуга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн. Жогорку эпидемиологиялык коркунучу бар объекттердин тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын камсыз кылуу менен байланышкан өзгөчө учурларда (жугуштуу оорулардын жана жапырт жугуштуу эмес оорулардын (уулануу) болуу коркунучу же пайда болушу жана таралышы, техногендик мүнөздөгү авариялар) текшерүүлөр капыстык мүнөздө болушу мүмкүн жана калктын саламаттыгынын абалына жол берилбес таасиринин себебин жана булактарын табуу жана аларды четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында сутканын мезгилине карабастан жазуу жүзүндөгү багыттаманы (билдирмени) албастан дароо жүргүзүлүшү мүмкүн.".
3. 14-статьянын 2-бөлүгү "ишкердик субъекттерге жумуштан тышкары учурда" деген сөздөрдөн кийин "(ушул Мыйзамдын 7-статьясынын 4-бөлүгүндө каралган учурлардан башка" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |