Загрузка документа…
КР 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 202 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 30-апрели № 145
"Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык өнөр жай коопсуздугу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу аткаруучу мамлекеттик бийликтин органы жүзөгө ашырат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |