КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 19-майы № 164
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 334-ст) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
13-статьяда:
1-бөлүктө:
- "Кыргыз Республикасынын кинофильмдеринин Мамлекеттик фондусуна" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивине" деген сөздөр менен толукталсын;
- "кинематография жаатындагы" деген сөздөрдөн кийин "жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
3. жана 4-бөлүктөрдө "Кыргыз Республикасынын киносүрөтдокументтеринин мамлекеттик архиви" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архиви" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |