КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 19-майы № 165
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 31-статьяда:
1-бөлүгүнүн "м" пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"м) ал мамлекеттик кызматта болуу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген жаш курагынын чегине жеткенде;";
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик кызматта болушунун жаш курагынын чеги 65 жашты түзөт.".
2. 47-статьянын 3-бөлүгүнүн 1-пунктундагы экинчи сүйлөм алып салынсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бир айдын ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |