Загрузка документа…
КР 2018-жылдын 6-августундагы N 87 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 2-июну № 179
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-берене.
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2006-жылдын 8-августу, N 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бардык тексти боюнча:
Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстиндеги ар кандай жөндөмөлөрдөгү "каршы аракеттер" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "каршы аракеттенүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөлөрдөгү "башка мүлктөр" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "мүлктөр" деген сөз менен алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "бүтүм жана операция" жана "бүтүм же операция" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "операция (бүтүм)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
аталышын кошпогондо Мыйзам "терроризмди" деген сөздөн кийин "(экстремизмди)" деген сөз менен толукталсын.
2. 1-статьянын 2-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү "таркатууга" деген сөз "берүүгө" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. 2-статьяда:
экинчи-төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кылмыш жолу менен алынган кирешелер, - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмышты жасоонун натыйжасында табылган (алынган) акча каражаттары жана мүлк;
кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-статьясында каралган, жазыктык жактан жазалануучу коомго коркунучтуу жосун;
мүлк - буюмдар, буюм же укук түрүндө жана материалдык баалуулукту көрсөтө турган предметтер жана активдер (Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чет-жакаларында жайгашкан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар, асыл таштар жана металлдар, антиквариат жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык башка мүлк), ошондой эле мүлккө болгон укукту жана андагы кызыкчылыкты тастыктоочу юридикалык документтер же актылар;";
алтынчы жана жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү же аныкталуучу жана ушул Мыйзамга ылайык шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү жана милдеттүү көзөмөлгө алынуучу операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты чогултууну, талдоону жана сактоону жүзөгө ашырууга, ошондой эле өлкөнүн финансылык коопсуздугун камсыз кылуу максатында терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
терроризмди каржылоо - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-1-статьясында каралган, жазыктык жактан жазалануучу коомго коркунучтуу жосун;";
сегизинчи абзац алып салынсын;
онунчу-он экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ички контроль - милдеттүү контролго алынуучу операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктап табуу, ошондой эле терроризмди (экстремизди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу акча каражаттары же мүлк менен жасалуучу бөлөк операциялардын (бүтүмдөрдүн) алдын алуу боюнча маалымат берүүчү жактар тарабынан көрүлүүчү чаралардын жыйындысы. Ички контролдун жалпы жоболору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет;
банк-кабыкча - өзү ал жерде жок болгон мамлекеттерде жана аймактарда каттоодон өткөн жана кандайдыр бир жөнгө салынуучу финансылык топко аффиляция кылынбаган банк;
ФАТФ - акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо менен күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюм (топ);";
статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"акча каражаттары - каалаган өлкөнүн валютасындагы акчалар (банкноттор жана металл тыйындар) жана электрондук акчалар;
чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар - чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик жана саясий функциялар берилген же берилип жаткан чет мамлекеттердин жарандары (мамлекеттердин же өкмөттөрдүн башчылары, жогорку даражалуу саясий ишмерлер, өкмөттөгү, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, укук коргоочу жана фискалдык органдардагы жогорку кызмат адамдары, саясий партиялардын жана диний бирикмелердин жетекчилери жана ишмерлери), анын ичинде мурункулар дагы;
бенефициардык менчик ээси (пайда табуучу) - акча каражаттарына же мүлккө карата менчик ээсинин укугун алып жүргөн жана анын атынан же анын эсебинен кардар тарабынан акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасаган адам, же акча каражаттары же мүлк менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) кардар тарабынан жасалышына андай адам менен кардардын ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык тике же кыйыр түрдө таасир көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар адам;
идентификация - жеке же юридикалык жактар тарабынан берилген түпнускалардын же документтердин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн негизинде маалымат берүүчү жактар тарабынан төмөнкү маалыматтардын аныкталуусу;
жеке жакка карата - фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер мыйзамдан же улуттук жөрөлгөдөн башка нерсе келип чыкпаса), жарандыгын, инсандыкты күбөлөндүрүүчү маалыматтар (паспорту) жана чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) болгон укугун тастыктоочу документи, жашаган (катталган) жеринин же турган жеринин дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (бар болгон учурда) же социалдык жактан коргоо күбөлүгүнүн номери, акча каражаттарын же мүлктү тескөө боюнча ыйгарым укуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка маалыматтар;
юридикалык жакка карата - аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, мамлекеттик каттоо номери же чет өлкөлүк юридикалык жактын каттоо номери, мамлекеттик каттоодон өткөн жери жана жайгашкан жеринин дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери же чет өлкөлүк уюмдун коду, кызмат адамдары тууралуу маалыматтар жана кардардын ишин жөнгө салуучу уставдык документтерге тиешелүү болгон башка маалыматтар;
верификация - ички контролду жүзөгө ашыруу максатында, маалымат берүүчү жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу идентификациянын жыйынтыктарын тактоо же тиешелүү түрдө текшерүү боюнча иш-чаралар;
акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) бир калыпта кармап туруу - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын токтомунун жана анын иштөө мөөнөтүнүн негизинде акча каражаттарын же мүлктү өткөрүп берүүнү, өзгөртүп түзүүнү, алып коюуну же которууну токтотуу. Аларга карата операцияларды же бүтүмдөрдү бир калыпта кармоо жүргүзүлгөн акча каражаттары же мүлк жеке же юридикалык жактардын менчигинде кала берет жана маалымат берүүчү жактын башкаруусу астында да калышы мүмкүн;
маалымат берүүчү жактар (ушул Мыйзамга карата) - акча каражаттары же мүлк менен операцияларды же бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана/же жеке жак:
- банктар (филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда);
- финансылык уюмдар жана мекемелер (филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда):
кредиттик уюмдар (мекемелер) жана алардын филиалдары;
кредиттик кошуундар;
камсыздандыруу/кайра камсыздандыруу уюмдары;
баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары;
ипотекалык компаниялар;
пенсиялык активдерди башкаруу боюнча компаниялар;
лизингдик (финансылык) компаниялар;
кесиптик негизде, анын ичинде эсеп ачпастан акча которуунун адистештирилген системалары боюнча акча каражаттарын же баалуулуктарды которуу боюнча кызмат көрсөтүүчү жактар;
кесиптик негизде чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу же конвертация менен алектенүүчү жактар (алмаштыруу бюросу);
күрөөканалар жана сатып алуу кеңселери;
товардык биржалар;
- финансылык эмес коммерциялык түзүмдөр:
казино (анын ичинде интернет-казино), оюн автоматтары, электрондук рулеткасы, тотализатордун жабдуулары бар оюн-зоок жайлары жана букмекердик кеңселер;
лотереяларды уюштуруучу жана өткөрүүчү жактар;
мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор;
кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүзөгө ашыруучу же кыймылсыз мүлктү алып-сатуу бүтүмдөрүн жүзөгө ашырууда ортомчулук кызмат көрсөтүүчү уюмдар (риэлторлор) жана агенттер (брокерлер);
кардар менен накталай ар кандай операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырган учурда, кымбат баалуу металлдар менен асыл таштар жана алардан жасалган зер буюмдары менен (жана ушундай зер буюмдардын сыныктары менен) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жактар;
- акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жактар:
ишеним башкаруусу, анын ичинде трасттык компаниялар (баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй ишмердүүлүктөн башкасы) боюнча кызмат көрсөтүүчү жактар;
кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды документке негиздеп тастыктоочу же каттоочу уюмдар;
акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруучу почталык жана телеграфтык байланыш уюмдары.".
4. 3-статьяда:
- 1-пункттун үчүнчү-жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Маалымат берүүчү жактар:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кардардын (юридикалык же жеке жактын) инсандыгын идентификациялоого жана алынган маалыматтарды каттап жазууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кардардын (юридикалык же жеке жактын) инсандыгын верификациялоого;
- акча каражаттарын же мүлктү тескөөгө укугу бар жактардын ыйгарым укуктарын жана аныктыгын күбөлөндүрүүгө;
- бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуларды) белгилөө жана идентификациялоо боюнча жеткиликтүү жана зарыл чараларды көрүүгө;
- кардарлар жана бенефициардык менчик ээлери (пайда табуучулар) жөнүндөгү маалыматты дайыма жаңылап турууга милдеттүү.";
2-пункттун биринчи абзацындагы "банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин сунуштамаларына жана талаптарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 - 2-3-пункттар менен толукталсын:
"2-1. Маалымат берүүчү жактар чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактарды тейлөөдө (акча каражаттары жана мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруу), ушул беренеде белгиленген чаралардан тышкары:
- тейлөөгө алынуучу же тейленилип жаткан жеке жактардын арасынан саясий мааниге ээ жактарды таап чыгуу боюнча жеткиликтүү чараларды кабыл алууга;
- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактарды маалымат берүүчү жактардын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечиминин негизинде гана тейлөөгө алууга;
- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактардын акча каражаттарынын же мүлкүнүн пайда болуу булактарын аныктоо боюнча жеткиликтүү чараларды көрүүгө;
- тейлөөдө турган чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар жөнүндөгү колдо турган маалыматты дайыма жаңылап турууга;
- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар, алардын жубайлары, жакын туугандары (түздөн-түз жана туугандыгы алысыраак (ата-энеси жана балдары, чоң атасы, чоң энеси жана неберелери), бир туугандыгы толук жана толук эмес (атасы же энеси бир болгондор) ага-ини жана эже-карындаштары, багып алгандар жана асырап алынгандар), өкүлдөрү жана иштиктүү өнөктөштөрү тарабынан жүзөгө ашырылуучу акча каражаттары же мүлк менен жасалган операцияларга (бүтүмдөргө) көбүрөөк көңүл бурууга тийиш.
2-2. Банктык же башка эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар банктар жана бөлөк финансы-кредиттик мекемелер жана уюмдар чек аралык корреспонденттик мамилелерди жүзөгө ашырууда:
- алар менен корреспонденттик банктык мамилелерди түзө турган же жүзөгө ашырган мекеме-корреспонденттерди идентификациялоого жана верификациялоону жүргүзүүгө;
- мекеме-корреспонденттин ишмердүүлүгүнүн мүнөзү тууралуу маалымат топтоого;
- жалпыга жеткиликтүү маалыматтын негизинде мекеме-корреспонденттин кадыр-баркын баалоону жана терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө көзөмөлдөөчү органдын болушун аныктоону жүргүзүүгө;
- корреспонденттик банктык мамилелер түзүлгөнгө чейин аткаруучу жетекчиликтин макулдугун алууга;
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселеси боюнча мекеме-корреспондент (банктын кардары болуп саналган) тарабынан колдонулуучу контролдоо механизмдерин баалоону жүргүзүүгө милдеттүү.
2-3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акча каражаттарын өзүнүн кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн алкагында жыйнаган, алган, берген же которгон коммерциялык эмес уюмду терроризмди (экстремизмди) каржылоо же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) максатында пайдаланууга жол бербөөгө багытталган эрежелерди иштеп чыгат.";
4-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контроль эрежелерин жана аны жүзөгө ашыруу жол-жоболорун, анын ичинде алардын аткарылышын контролдоонун тиешелүү механизмдерин жана кызматкерлерди жалдоодо тандоо жол-жоболорун иштеп чыгууга;";
пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- кылмыштуу жол менен алынган акча каражаттары же мүлктөр, терроризмди (экстремизмди) каржылоо менен байланышкандыгы, же ушул максатта колдонула тургандыгы жөнүндө шектенүү туулганда же шектенүүгө негиздер бар болгон учурда, билдирүүнү (өз шектенүүлөрүн баяндап жазуу менен) кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контроль эрежелерин сактоого жана ишке ашырууга жооптуу атайын кызмат адамдарын (жетекчиликтин деңгээлинде) дайындоого;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте, туруктуу негизде, бирок жылына бир жолудан кем эмес, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону жүргүзүүгө.";
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Маалымат берүүчү жактар, эгерде алардын террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу анык маалыматтар бар болсо, жеке жана юридикалык жактардын операцияларын (бүтүмдөрүн) кардардын аны жүзөгө ашыруу тууралуу буйругу аткарылышы керек болгон күндөн тартып үч жумушчу күнгө токтотууга милдеттүү жана операциялар (бүтүмдөр) токтотулган күндөн кечиктирбей ал тууралуу маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
Террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тийиштүү операцияларын (бүтүмдөрүн) кошумча мөөнөткө бир калыпта кармап туруу тууралуу ыйгарым укуктуу органдын токтому көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде алынбай калган учурда, маалымат берүүчү жактар акча каражаттары же мүлк менен операцияны (бүтүмдү) кардардын буйругу боюнча жүзөгө ашырышат.
Террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын акча каражаттарын жана мүлк менен болгон операцияларын (бүтүмдөрүн) ыйгарым укуктуу органдын токтомунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча бир калыпта кармап туруу же көрсөтүлгөн жактардын акча каражаттарын жана мүлкүн камакка алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте прокурордун же прокурор тарабынан санкцияланган тергөөчүнүн токтомунун негизинде гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Тийиштүү операцияны (бүтүмдү) кошумча мөөнөткө бир калыпта кармап туруу же акча каражаттарын же мүлктү камакка алуу тууралуу прокурордун же прокурор тарабынан санкцияланган тергөөчүнүн токтому, ыйгарым укуктуу органдын токтомунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткүчө алынбай калган учурда, маалымат берүүчү жактар акча каражаттары же мүлк менен болгон операцияны (бүтүмдү) кардардын буйругу боюнча жүзөгө ашырышат.
Террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмесин аныктоонун жана аларды маалымат берүүчү жактарга жеткирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
5. 4-статьяда:
1-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Маалымат берген жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Мыйзамда аныкталган критерийлердин тизмегине ылайык милдеттүү контролго алынуучу акча каражаттары же мүлк менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты, операция (бүтүм) жасалган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал тарабынан белгиленген формада берүүгө;
- шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмегине ылайык шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктап табууга жана алар жөнүндөгү маалыматты, операция (бүтүм) шектүү деп табылган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө.
Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмеги жана алар жөнүндөгү маалыматты берүү жол-жобосу (формасы) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жеке же юридикалык жакты идентификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтар;";
- алтынчы абзац алып салынсын.
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Маалымат берүүчү жактар, татаал, адаттан тыш ири операциялардын (бүтүмдөрдүн), ошондой эле айкын экономикалык маңызы же айкын мыйзамдуу максаты жок болгон адаттан тыш схема боюнча өткөрүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) аныкталган чыныгы жагдайларын документтүү жазууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Мындай операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилеринин тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Маалымат берүүчү жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча, милдеттүү контролдун объектиси болуп калган операциялар (бүтүмдөр) менен байланышкан жана шектүү операцияларга (бүтүмдөргө) карата, анын ичинде кызматтык, коммерциялык, банктык же башка сырды түзгөн кошумча маалыматты жана документтерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык келишимдеринин негизинде берилүүчү документтерди жана маалыматтарды сурап алынгандан тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.".
6. 5-статьяда:
1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү же аныкталуучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктта:
- 1-пунктча "топтоону" деген сөздөн кийин ", иштеп чыгууну" деген сөз менен толукталсын;
- 3-пунктчадагы "документтерди жана башка" деген сөздөр "жалпыланган" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-пунктчадагы "тиешелүү маалыматтарды жана материалдарды" деген сөздөр "тиешелүү жалпыланган материалды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-9-пунктчалар менен толукталсын:
"7) ушул Мыйзамга жана бөлөк ченемдик укуктук актыларга ылайык анын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат берүүчү жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуучу ченемдик укуктук актыларды чыгарат;
8) милдеттүү контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр) сыяктуу эле, кардарларга жана бенефициардык менчик ээлерине (пайда табуучуларга) байланыштуу маалыматка карата да, ушул Мыйзамдын 4-статьясында көрсөтүлгөн маалымат боюнча жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарды маалымат берүүчү жактарга жиберет;
9) аткарылган функцияларга ылайык алынган ар кандай маалыматка карата терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү менен байланышкан ар кандай кошумча маалыматты мамлекеттик органдардан жана маалымат берүүчү жактардан сурап-билүүгө жана алууга укуктуу. Мамлекеттик органдар жана маалымат берүүчү жактар талап кылынган маалыматты көрсөтүлгөн мөөнөттө жана белгиленген формада ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.";
3-пунктта:
- "токтотот" деген сөз "токтотуп кармап турат" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "террордук иштерге (терроризмди каржылоого) катышканы тууралу маалымат бар тараптардын бирөөсү эле жеке же юридикалык тарап болуп саналган учурда, эгер алар алган маалыматтар ушул Мыйзамдын 3-статьясынын 6-пунктуна ылайык алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча негизсиз деп таанылбаса," деген сөздөр "жеке же юридикалык жактардын бирөөсү, террористтик же экстремисттик иштерге (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралу маалымат бар болуп саналган учурда; эгерде ушул Мыйзамдын 3-статьясынын 5-пунктуна ылайык ал алган маалыматтар алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча негиздүү деп таанылса," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралу анык маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын акча каражаттарын же мүлк менен болгон операцияларын (бүтүмдөрүн) токтотуп кармап туруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жарандык-укуктук жана башка жоопкерчилигинин келип чыгуусуна негиз болуп саналбайт.".
7. 6-статьяда:
1-пункттагы "же 14 күн аралыгында ишке ашырылган өз ара байланышкан бир нече бүтүмдөр же операциялардын" деген сөздөр алып салынсын; "жаткан бүтүм же операция" деген сөздөр "жаткан бүтүмдүн (операциянын)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-пунктта:
1-пунктчадагы "жүзөгө ашырылган" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылып ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмесинен тышкары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктчадагы "бүтүмдөр жана операциялар" деген сөздөр "операциялар (бүтүмдөр)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 4-пунктчада:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр менен болгон башка бүтүмдөр:";
экинчи абзацтагы "коюу" деген сөз "жайгаштыруу" деген сөз менен алмаштырылсын;
3-пункттагы "диний экстремисттик көз карашка ыктаган уюмдарды кошо алганда, террордук ишке катышкандыгы (терроризмди каржылагандыгы)" деген сөздөр "террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 7-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара принциптерде терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө маалыматтарды топтоо, алдын ала иликтөө, соттук териштирүүлөр жана соттук чечимдерди аткаруу баскычтарында, ошондой эле өз ара укуктук жардамдын бөлөк формасы боюнча чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен кызматташат.";
2-пунктта:
- "Кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого" деген сөздөр "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- пункт "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган тартиптерде жана негиздерде" деген сөздөрдөн кийин "же өз ара принциптерде" деген сөздөр менен толукталсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы зарыл маалыматты берүү жөнүндөгү суроо-талаптарды чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жиберүүгө укуктуу.";
5-пункттун экинчи абзацындагы "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого" деген сөздөр "терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамда каралган талаптардын маалымат берүүчү жактар тарабынан бузулуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте администрациялык жоопкерчиликке алып келет.
2. Ушул Мыйзамга ылайык маалымат берүүчү жактардан алынуучу маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ же мурда ээ болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана кызматкерлери, анын ичинде мурункулары, банктык, коммерциялык же башка сырды мыйзамсыз түрдө ачыкка чыгаргандыгы, колдонгондугу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат.
3. Маалымат берүүчү жактардын кызматкерлери, анын ичинде мурункулары, суроо-талаптарды аткаруу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды жиберүү фактысын ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
10. V глава төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-статья менен толукталсын:
"8-1-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды
жана документтерди берүү
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын функцияларынын жүзөгө ашырылуусу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документти (жарандардын жеке өмүрү тууралуу маалыматтан башкасын) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте беришет.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, башка көзөмөл органдары, маалымат берүүчү жактар, Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактарынын башкы дирекциялары, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ассоциациялары жана кошуундары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын функцияларынын жүзөгө ашырылуусу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документти белгиленген тартипте, анын ичинде анын суроо-талабы боюнча беришет.
3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка көзөмөл органдары, ошондой эле, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар тарабынан маалыматтардын жана документтердин ушул Мыйзамда каралган максаттарда жана тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүсү, мунун ичинде анын суроо-талабы боюнча да берилиши, кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык, статистикалык сырды жана байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат жагында) бузгандык болуп саналбайт.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана маалымат берүүчү жактарга юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик тизмегинде, статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик тизмегинде, Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттештирилген чет өлкөлүк компаниялардын өкүлчүлүктөрүнүн бириктирилген мамлекеттик тизмегинде камтылган маалыматты, ошондой эле жоголгон, жараксыз болуп калган паспорттор, каза болгон жеке адамдардын паспорттору, паспорттордун жоголгон бланкалары тууралуу маалыматтарды беришет.
5. Маалымат берүүчү жактар, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ассоциациялары жана кошуундары тарабынан акча каражаттары же мүлк менен шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү жана милдеттүү контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтын ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүсү кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык сырды, байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат жагында) же башка сырды ачыкка чыгаргандык болуп саналбайт.
6. Адвокатта, аудитордо, салык консультантында, нотариуста жана юридикалык же бухгалтердик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырган жактарда, ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттары же мүлк менен болгон операциялар (бүтүмдөр) терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыштуу жолдор менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) максатында жүзөгө ашырылган же жүзөгө ашырылышы мүмкүн деп эсептөөгө негиз болгон учурда, ошондо алар маалыматты кардарга кабарлабастан туруп, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү.
Акча каражаттары же мүлк менен болгон шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү маалыматтардын көрсөтүлгөн жактар тарабынан берилиши кесиптик же башка сырды ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
Көрсөтүлгөн жактардын маалыматты берүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К. Бакиев |