Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 25-июну № 190
Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган,"Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу" долбоорун кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу" долбоорун кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашууну Кыргыз Республикасы ратификациялагандыгы жөнүндө Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |