МыйзамКүчүн жоготту

КР 2009-жылдын 26-июнундагы № 194«Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция26.06.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 26-июну № 194

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

 

1. Кодекстин 29-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 400-2-статья менен толукталсын:

"400-2-статья. Прокурордун, тергөөчүнүн, ошондой эле административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо

Прокурордун, тергөөчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынан келип чыккан талаптарын, ошондой эле административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу кызмат адамынын талабын атайылап аткарбоо,-

Жарандарга-жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

 

2. 508-статьядагы "400-1-статьясында" деген сөздөр "400-1, 400-2-статьяларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К.Бакиев