Редакцияот 29.06.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 29-июну № 195

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

1-берене.

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

21-статьянын 1-пунктунда: биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Күрөөлүктөн тышкары, 250 эсептик көрсөткүчтөн ашык суммадагы милдеттенмелерди камсыз кылган кыймылдуу мүлктөрдүн бардык күрөөсү Күрөө каттоо конторасында милдеттүү катталууга тийиш.";

үчүнчү абзацында "күбөлөндүргөн" деген сөз "канааттандырган" деген сөз менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

К.Бакиев