Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 3-июлу № 202
Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 418, 421-статьялар алып салынсын.
2. 508-статьянын биринчи абзацындагы: "80-1," деген сан алып салынсын; "418-статьянын биринчи бөлүгү менен" деген сөздөр алып салынсын; "420-422" сандар "420, 422" сандарына алмаштырылсын.
3. "Укук бузууларды процессуалдык тариздөө" деп аталган 38-глава төмөндөгүдөй мазмундагы 556-1-статья менен толукталсын:
"556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары
1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:
1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары:
прокуратура органдары (50, 51, 56, 57, 58, 59, 61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1-статьялар, 400-статьянын экинчи бөлүгү, 404, 406, 409-1-статьялар);
ички иштер органдары (66-3, 66-4, 66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, 66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 157, 354, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, 392, 393, 422-статьялар);
шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялар (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56-статьялар);
мамлекеттик каражаттарды пайдаланууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (60-статья);
балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар (65, 66, 66-1, 66-3-статьялар);
дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (61, 395-статьялар);
мамлекеттик эмгек инспекцияларынын жана аларга баш ийген мамлекеттик инспекциялардын органдары (68, 70, 71, 72, 73, 74, 79-статьялар);
миграция жана ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (80-статья);
социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары (80-статья);
саламаттыкты сактоо органдары (85, 85-1, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, 286-статьялар);
стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (92-статьянын экинчи бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 412-статья);
геология жана минералдык ресурстар органдары (102-статья);
айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба органдары (140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157-статьялар);
мамлекеттик бажы кызматынын органдары (147, 153-статьялар, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, 503, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьялар);
мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары (228, 232, 234-статьялар, 235-статьянын экинчи бөлүгү, 238-статья, 240-статьянын экинчи бөлүгү, 241, 242, 248, 250-статьялар);
автомобиль транспорт, электр транспорт жана жол чарба органдары (230-статья);
аба транспортунун органдары (254-статья);
суу транспортунун органдары (264, 265-статьялар);
байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү органдары (271, 273, 277-статьялар);
спиртти жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө, сактоого жана сатууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (286-1, 300, 301-статьялар);
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органы (286-статья);
салык кызматынын органдары (300, 301, 302, 308, 340, 342, 405-статьялар);
ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары (404-статья);
мамлекеттик патент кызматынын органдары (339, 340, 341, 342, 343, 344, 345-статьялар);
маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу органдары (344-статья);
Улуттук банк (363-статья);
оюн-зоок иштерин контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (369-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү);
мамлекеттик өрткө каршы кызматынын органдары (371-статья);
юстиция органдары (394-статья);
улуттук коопсуздук органдары (390-статьянын экинчи бөлүгү, 393, 409-2, 409-3-статьялар);
финансы полициясынын органдары (305-статьянын экинчи-төртүнчү бөлүктөрү, 340, 400-1-статьялар);
билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (417-статья);
архитектура жана курулуш иштери боюнча органдар (476, 481-статьялар);
банкроттук жөнүндө иштер боюнча органдар (505-1, 505-2, 505-3, 505-4, 505-5, 505-6, 505-7, 505-8, 505-9, 505-10-статьялар);
терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары (505-17-статья);
2) ушул статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында каралган учурлардан тышкары, ушул Кодекстин 354-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын мекемелеринин, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык органдарынын, ошондой эле тиешелүү органдардын компетенцияларынын чектеринде ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоону жана лицензиялардын шарттарын сактоо үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары укуктуу;
3) ушул Кодекстин 420 жана 422-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот аткаруучулары, сот приставдары жана соттун төрагасы же соттун жыйналышына төрагалык кылуучу тарабынан ыйгарым укук берилген башка сот кызматкерлери укуктуу.
2. Ушул Кодекстин 509-546-3-статьяларында көрсөтүлгөн органдардын кароосуна өткөрүлүп берилген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу.
3. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укугу бар кызмат адамдарынын тизмеги мыйзамдарда көрсөтүлгөн органдарга жүктөлгөн милдеттер менен иш-милдеттерге ылайык мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына жараша белгиленет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев
|