Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 15-июлу № 213
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-жыл, № 2, 65-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
7-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Трансферттер жана ыктыярдуу төгүмдөр";
4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бир бюджеттен башка бюджетке өз ара эсептешүү боюнча берилүүчү каражаттар:".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |