Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 15-июлу № 216
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелердин өзгөчөлүктөрү башка мыйзамдар менен жөнгө салынат. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелерге ушул Кодекс башка мыйзамдар менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.".
2-берене.
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу мамилелер жаатында бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн методикалык негизи болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттары эсептелет.".
2. 5-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Ушул Мыйзамдын жоболору банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу мамилелер жаатында исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык иш жүргүзүүчү уюмдарда бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө талаптар исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттарына ылайык аныкталат.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 505-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасында камсыздандыруунун исламдык принциптерине ылайык камсыздандыруу иши жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Камсыздандыруунун исламдык принциптерине ылайык камсыздандыруу ишин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү мыйзамдар жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актылары менен белгиленет.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 15-июлу № 216
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелердин өзгөчөлүктөрү башка мыйзамдар менен жөнгө салынат. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелерге ушул Кодекс башка мыйзамдар менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.".
2-берене.
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу мамилелер жаатында бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн методикалык негизи болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттары эсептелет.".
2. 5-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Ушул Мыйзамдын жоболору банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу мамилелер жаатында исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык иш жүргүзүүчү уюмдарда бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө талаптар исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттарына ылайык аныкталат.".
3-берене.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамына ылайык 2025-жылдын 3-ноябрынан тартып күчүн жоготот)