Загрузка документа…
КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 173 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 16-июлу № 221
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 3, 279-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-тиркеме ушул Мыйзамдагы тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул Мыйзамдын кабыл алынышы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жана Евразиялык экономикалык коомчулугунун Интеграциялык комитетинин Секретариатына билдирсин.
3-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 454-ст.);
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 911-ст.).
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |