Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 17-июлу № 223
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексине ьөзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
36-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жубайлардын бири нотариалдык жактан ырастоону жана (же) мыйзамда белгиленген тартипте каттоону талап кылган кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча бүтүм жасаш үчүн анын бүтүм жасоого жана каттоого катышуусун кошпогондо жубайынын нотариалдык жактан ырасталган макулдугун алышы керек.".
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |