Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 17-июлу № 233
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамынын редакцясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 65-статьянын 1-пунктунда "баңгилик каражаттарды кыянаттык менен пайдалануунун" деген сөздөрдөн кийин ", кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 68-статьянын 1-пунктунда "баңгилик каражаттарды кыянаттык менен пайдалануунун" деген сөздөрдөн кийин ", кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 192-статьянын 1-пунктунда "баңгилик заттарды пайдалануунун кесепеттеринин" деген сөздөрдөн кийин ", кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
1005-статья "баңги заттарды пайдалануунун" деген сөздөрдөн кийин ", кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
(КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 153-статьясынын 3-пунктунда "баңгиликке берилген адамдар," деген сөздөрдөн кийин "кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылган," деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |