Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 24-июлу № 252
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 100-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Банкроттук (кудуретсиздик) деп сот тарабынан таанылган же юридикалык жактын макулдугу менен кредиторлордун чогулушунда жарыяланган ушул юридикалык жактын өз кредиторлорунун негиздүү акчалай милдеттенмелерин толук көлөмүндө жана белгиленген мөөнөттөрдө канааттандырууга жарамсыздыгы, анын ичинде бюджетке жана өзүнүн өтүмдүү активдерине карата алган милдеттенмелеринен аша чапкандыгынын натыйжасында келип чыккан, бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдү камсыз кылууга жарамсыздыгы түшүнүлөт.".
2. 184-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Бүтүм жараксыз болгондо, анын натыйжасында мүлктү ак ниет сатып алуучу жак алганда, бул мүлктүн наркы соттун чечими чыгарылган учурга карата сот тарабынан алгачкы менчик ээлеринин пайдасына күнөөлүү адамдардан төлөтүлүп алынат.".
3. 199-статьянын 1-пунктундагы "беш" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. 215-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"215-статья. Доонун эскиришин колдонуу
1. Укук бузгандыкты сот тартибинде коргоо жөнүндө талаптар доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейин сотко берилиши мүмкүн.
2. Ишкердик иш-аракет жүргүзгөн юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан, анын ичинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары), жарандардын, ошондой эле юридикалык жакты түзүүчүнүн (катышуучунун, акционердин) же анын мүлкүнүн менчик ээсинин бузулган укуктарын коргоо жөнүндө сотко талаптарын койгон башка жактардын, ошондой эле ишкердик иш-аракеттин объекттерине карата буюмдук, милдеттенмелик жана башка мүлктүк укуктардын бузулгандыгын коргоо боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Эгерде сотко көрсөтүлгөн талаптар боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе, сот мындай бузулган укуктарды коргоо боюнча талаптарды кароого кабыл алуудан баш тартууга милдеттүү.
Ушул пунктта көрсөтүлбөгөн бузулган укуктарын коргоо жөнүндөгү жарандардын талаптары боюнча доонун эскирүү мөөнөтү калыбына келтирилиши мүмкүн, ал эми жарандын бузулган укугу эгерде сот доонун эскирүү мөөнөтү доогердин кертбашына байланышкан жагдайлар боюнча (катуу ооруганда, ал-акыбалсыз калганда) өтүп кеткендигинин себебин жүйөлүү деп тапса, калыбына келтирилүүгө жатат. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетишинин себептери, эгерде алар доонун эскирүү мөөнөтүнүн акыркы алты айында орун алса, жүйөлүү деп табылат. Жаран өзүнүн бузулган укугун коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленген доонун эскирүү мөөнөтү өткөндөн кийин талап койгондо сот анын талабын доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себептерин аныктоо үчүн гана бул талапты кабыл алууга жана, эгерде доонун эскирүү мөөнөтү кайра калыбына келтирилүүгө жатпаса, ишти дароо токтотууга милдеттүү.
3. Негизги талап боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетиши менен кошо кошумча талаптар (туум, күрөө, кепилдик берүү ж.б.) боюнча да доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетет.
4. Милдеттенмедеги жактын өзгөрүшү доонун эскирүү мөөнөтүнүн жана аны эсептөөнүн тартибинин өзгөрүшүнө алып келбейт.".
5. 221-статьянын 4 жана 5-пунктчалары алып салынсын.
6. 251-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Ушул Кодекстин 291-статьясы боюнча ак ниеттүү сатып алуучу алган мүлккө карата анын менчик укугу аны сатып алуу бүтүмүнүн негизинде келип чыгат жана мындай бүтүм анык эмес болгондо же сот тарабынан анык эмес деп табылгандыгы, мүлктү алгачкы ээси же болбосо бул мүлк тескөөсүнө берилген жак жоготкондугу, же болбосо тигил же бул тараптан уурдалып кеткендиги аныкталганга чейин, же болбосо алардын эркинен тышкары ээлигинен алынып кеткендиги сот актысы боюнча аныкталганга чейин сакталат."
7. 281-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) Алгачкы менчик ээси, же болбосо менчик ээси ээлик кылууга берген адам мүлктү жоготуп алганда, же болбосо мүлк экөөнөн бүрөөсүнөн уурдалып кеткенде, же болбосо алардын эркинен тышкары ээлигинен чыгып кеткенде мүлктүн алгачкы менчик ээсинин мүлктү ак ниеттүү сатып алуучудан талап кылышынан".
8. 291-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"291-статья. Ак ниеттүү алуучу
1. Эгерде мүлк аны бирөөгө сатууга же берүүгө укугу жок жактан акы төлөө менен алынса, бул жөнүндө сатып алуучу билбесе же билиши мүмкүн эмес болсо (ак ниеттүү сатып алуучу болсо), алгачкы менчик ээси алуучудан бул мүлктү менчик ээси же ал ээлик кылууга берген жак жоготуп койгон, же болбосо экөөнүн биринен уурдалып кеткен, же болбосо алардын эркинен тышкары алардын ээлигинен башка жолдор менен чыгарылып кеткен учурларда гана бул мүлктү талап кылууга укуктуу.
2. Ак ниеттүү алуучу акы төлөнгөн бүтүм боюнча алган мүлк алгачкы менчик ээсинин же ал ээлик кылууга берген жактын ээлигинен ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген негиздер боюнча чыккандыгы мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы менен аныкталмайынча ак ниеттүү сатып алуучу мүлктүн менчик ээси болуп саналат.
Мүлктүн алгачкы менчик ээсинин аны ак ниеттүү алуучудан кайра берүүнү талап кылуу үчүн негиздери жок болгон учурларда, мындай алгачкы менчик ээси өзүнө келген зыянды ушул мүлктү укукка сыйбаган жол менен башка бирөөгө берген жактан төлөтүп алуу үчүн сотко кайрылууга укуктуу.
3. Мүлктү башка бирөөгө берүүгө укугу жок жактан мүлктү акы төлөбөстөн алган жак ак ниеттүү сатып алуучу болуп эсептелбейт.
4. Алуучу жакка арналган акчаларды, ошондой эле баалуу кагаздарды ак ниеттүү алуучудан кандай гана шартта болбосун кайра берүү талабы коюлбайт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 21-статьянын 7-пунктундагы үчүнчү сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жекече даттануу ишти кароо боюнча соттун чечими менен бир учурда берилет жана апелляциялык даттануу үчүн каралуучу тартипте каралат.".
2. 23-статьянын 2-пунктунун 8-пунктчасы "аларды уюштуруучулардын" деген сөздөрдөн кийин ", катышуучулардын, акционерлердин" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 26-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- уюштуруучулардын, катышуучулардын, акционерлердин жана юридикалык жактын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча, ошондой эле юридикалык жактардын уюштуруучуларынын ортосундагы өз ара талаш-тартыштар боюнча;".
4. 28-статьяда:
2-бөлүктөгү "органынын" деген сөз алып салынсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Юридикалык жакка карата уюштуруучунун (катышуучунун, акционердин) доосу ушул юридикалык жактын жайгашкан жери боюнча коюлат.".
5. 122-статьяда:
1-пункт "өткөрүлгөн мөөнөт" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе," деген сөздөр менен толукталсын;
4-пункт "калыбына келтирүүдөн" деген сөздөрдөн кийин "жарандарга" деген сөз менен толукталсын.
6. 135-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) эгерде ишкердик иш-аракет жүргүзгөн юридикалык жактардын (менчик формасынан көз карандысыз түрдө, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын), жарандардын бузулган укуктарын коргоо жөнүндө билдирилген талабы боюнча, ошондой эле юридикалык жакты түзүүчүнүн (ага катышуучунун, акционердин) же болбосо анын мүлкүнүн менчик ээсинин бузулган укуктарын, ошол эле учурда ишкердик иш-аракеттин объекттерине карата буюмдук, милдеттенмелик жана башка мүлктүк бузулган укуктарды коргоо жөнүндө сотко талап койгон башка жактардын билдирилген талабы боюнча мыйзамда белгиленген доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе.".
7. 136-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) эгерде жарандын бузулган укуктарын коргоо жөнүндөгү доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен арызына аны калыбына келтирүү өтүнүчү тиркелбесе, мындай калыбына келтирүүгө мыйзам жол берет".
8. 148-статьянын 2-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-пунктча менен толукталсын:
"1) доонун эскирүү мөөнөтүн колдонуу жөнүндө маселени чечүү;";
1-4-пунктчалар тиешелүү түрдө 2-5-пунктчалар деп эсептелсин.
9. 150-статьянын 1-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) доонун өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчтү чечет.";
12-пунктча 13-пунктча деп эсептелсин.
10. 201-статьянын 6-пунктунун экинчи абзацында "себептери" деген сөз "себептерине" деп берилсин; "жүйөсүз экендигине" деген сөздөр алып салынсын; "байланыштуу" деген сөздөн кийин "жарандарга" деген сөз менен толукталсын;
11. 221-статья төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) эгерде ишти соттук териштирүүгө даярдоо процессинде же талаш-тартышты маңызы боюнча кароо процессинде арыз берилгенге чейин доонун эскиришинин мыйзам менен белгиленген мөөнөтү өтүп кеткендиги белгиленсе жана ал калыбына келтирүүгө жатпаса же болбосо калыбына келтирүүдөн баш тартылса.".
12. 316-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Ишти биринчи инстанцияда караганда сот жыйналышына катышпай калган арыз берүүчү даттанылып жаткан сот актысын кабыл алуу фактысын же бул актынын мазмунун билбей калгандыгын далилдей алган учурлардан башка учурларда апелляциялык даттануу берүүнүн процесстик мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт.".
13. 337-2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Ишти биринчи инстанцияда жана/же апелляциялык инстанцияда караганда сот жыйналышына катышпай калган арыз берүүчү даттанылып жаткан сот актысын кабыл алуу фактысын же бул актынын мазмунун билбей калгандыгын далилдей алган учурлардан башка учурларда кассациялык даттануу берүүнүн процесстик мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт.".
14. 344-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Ишти караганда сот жыйналыштарына катышпай калган арыз берүүчү даттанылып жаткан сот актысын кабыл алуу фактысын же бул актынын мазмунун билбей калгандыгын далилдей алган учурлардан башка учурларда даттануу берүүнүн же көзөмөл тартибинде талап берүүнүн процесстик мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт.".
15. 348-статьянын 4-пунктунда:
пункт "сот тарабынан каралбаса," деген сөздөрдөн кийин "эгерде ушул Кодекстин 344-статьясынын биринчи бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөр өтүп кетпесе," деген сөздөр менен толукталсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жиберилген даттануу же талап кассациялык тартипте милдеттүү түрдө каралууга тийиш.".
16. 361-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Добуш берүүнүн жыйынтыктары же шайлоонун натыйжалары жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимине карата сот актыларын кошпогондо, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары жаңыдан келип чыккан жагдайлар боюнча, ошондой эле атайын администрациялоо жол-жобосу колдонулуп, анын натыйжасында карызкор жоюлганда жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен алып салынганда карызкорго карата банкроттук жөнүндө иштер боюнча кайра каралышы мүмкүн.".
17. 363-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"363-статья. Арызды берүү
Сот актысын жаңыдан келип чыккан жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз же талап ишке катышы бар жактар тарабынан ишти биринчи инстанцияда караган сотко, кайра кароо үчүн негиз болуучу жагдайлар аныкталгандан кийин үч айдын ичинде, бирок кайра каралуучу сот актысы чыгарылган учурдан тартып бир жылдан кеч эмес берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр калыбына келтирилүүгө жатпайт.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 24-июлу № 252
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамынын редакцясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 100-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Банкроттук (кудуретсиздик) деп сот тарабынан таанылган же юридикалык жактын макулдугу менен кредиторлордун чогулушунда жарыяланган ушул юридикалык жактын өз кредиторлорунун негиздүү акчалай милдеттенмелерин толук көлөмүндө жана белгиленген мөөнөттөрдө канааттандырууга жарамсыздыгы, анын ичинде бюджетке жана өзүнүн өтүмдүү активдерине карата алган милдеттенмелеринен аша чапкандыгынын натыйжасында келип чыккан, бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдү камсыз кылууга жарамсыздыгы түшүнүлөт.".
2. 184-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Бүтүм жараксыз болгондо, анын натыйжасында мүлктү ак ниет сатып алуучу жак алганда, бул мүлктүн наркы соттун чечими чыгарылган учурга карата сот тарабынан алгачкы менчик ээлеринин пайдасына күнөөлүү адамдардан төлөтүлүп алынат.".
3. 199-статьянын 1-пунктундагы "беш" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. 215-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"215-статья. Доонун эскиришин колдонуу
1. Укук бузгандыкты сот тартибинде коргоо жөнүндө талаптар доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейин сотко берилиши мүмкүн.
2. Ишкердик иш-аракет жүргүзгөн юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан, анын ичинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары), жарандардын, ошондой эле юридикалык жакты түзүүчүнүн (катышуучунун, акционердин) же анын мүлкүнүн менчик ээсинин бузулган укуктарын коргоо жөнүндө сотко талаптарын койгон башка жактардын, ошондой эле ишкердик иш-аракеттин объекттерине карата буюмдук, милдеттенмелик жана башка мүлктүк укуктардын бузулгандыгын коргоо боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Эгерде сотко көрсөтүлгөн талаптар боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе, сот мындай бузулган укуктарды коргоо боюнча талаптарды кароого кабыл алуудан баш тартууга милдеттүү.
Ушул пунктта көрсөтүлбөгөн бузулган укуктарын коргоо жөнүндөгү жарандардын талаптары боюнча доонун эскирүү мөөнөтү калыбына келтирилиши мүмкүн, ал эми жарандын бузулган укугу эгерде сот доонун эскирүү мөөнөтү доогердин кертбашына байланышкан жагдайлар боюнча (катуу ооруганда, ал-акыбалсыз калганда) өтүп кеткендигинин себебин жүйөлүү деп тапса, калыбына келтирилүүгө жатат. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетишинин себептери, эгерде алар доонун эскирүү мөөнөтүнүн акыркы алты айында орун алса, жүйөлүү деп табылат. Жаран өзүнүн бузулган укугун коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленген доонун эскирүү мөөнөтү өткөндөн кийин талап койгондо сот анын талабын доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себептерин аныктоо үчүн гана бул талапты кабыл алууга жана, эгерде доонун эскирүү мөөнөтү кайра калыбына келтирилүүгө жатпаса, ишти дароо токтотууга милдеттүү.
3. Негизги талап боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетиши менен кошо кошумча талаптар (туум, күрөө, кепилдик берүү ж.б.) боюнча да доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетет.
4. Милдеттенмедеги жактын өзгөрүшү доонун эскирүү мөөнөтүнүн жана аны эсептөөнүн тартибинин өзгөрүшүнө алып келбейт.".
5. 221-статьянын 4 жана 5-пунктчалары алып салынсын.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 3-сентябрындагы N 04-р чечими
6. 251-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Ушул Кодекстин 291-статьясы боюнча ак ниеттүү сатып алуучу алган мүлккө карата анын менчик укугу аны сатып алуу бүтүмүнүн негизинде келип чыгат жана мындай бүтүм анык эмес болгондо же сот тарабынан анык эмес деп табылгандыгы, мүлктү алгачкы ээси же болбосо бул мүлк тескөөсүнө берилген жак жоготкондугу, же болбосо тигил же бул тараптан уурдалып кеткендиги аныкталганга чейин, же болбосо алардын эркинен тышкары ээлигинен алынып кеткендиги сот актысы боюнча аныкталганга чейин сакталат."
7. 281-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) Алгачкы менчик ээси, же болбосо менчик ээси ээлик кылууга берген адам мүлктү жоготуп алганда, же болбосо мүлк экөөнөн бүрөөсүнөн уурдалып кеткенде, же болбосо алардын эркинен тышкары ээлигинен чыгып кеткенде мүлктүн алгачкы менчик ээсинин мүлктү ак ниеттүү сатып алуучудан талап кылышынан".
8. 291-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"291-статья. Ак ниеттүү алуучу
1. Эгерде мүлк аны бирөөгө сатууга же берүүгө укугу жок жактан акы төлөө менен алынса, бул жөнүндө сатып алуучу билбесе же билиши мүмкүн эмес болсо (ак ниеттүү сатып алуучу болсо), алгачкы менчик ээси алуучудан бул мүлктү менчик ээси же ал ээлик кылууга берген жак жоготуп койгон, же болбосо экөөнүн биринен уурдалып кеткен, же болбосо алардын эркинен тышкары алардын ээлигинен башка жолдор менен чыгарылып кеткен учурларда гана бул мүлктү талап кылууга укуктуу.
2. Ак ниеттүү алуучу акы төлөнгөн бүтүм боюнча алган мүлк алгачкы менчик ээсинин же ал ээлик кылууга берген жактын ээлигинен ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген негиздер боюнча чыккандыгы мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы менен аныкталмайынча ак ниеттүү сатып алуучу мүлктүн менчик ээси болуп саналат.
Мүлктүн алгачкы менчик ээсинин аны ак ниеттүү алуучудан кайра берүүнү талап кылуу үчүн негиздери жок болгон учурларда, мындай алгачкы менчик ээси өзүнө келген зыянды ушул мүлктү укукка сыйбаган жол менен башка бирөөгө берген жактан төлөтүп алуу үчүн сотко кайрылууга укуктуу.
3. Мүлктү башка бирөөгө берүүгө укугу жок жактан мүлктү акы төлөбөстөн алган жак ак ниеттүү сатып алуучу болуп эсептелбейт.
4. Алуучу жакка арналган акчаларды, ошондой эле баалуу кагаздарды ак ниеттүү алуучудан кандай гана шартта болбосун кайра берүү талабы коюлбайт.".
2-берене.
(КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)