Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 12-октябры № 260
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү тууралу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
6-статьянын 6-бөлүгү "ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчи курамынын адамдарына;" деген сөздөрдөн кийин "жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын адамдарына;" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |