КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 12-октябры № 262
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу
1-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 15-статьянын 3-бөлүгү "иммигрант статусу берилген" деген сөздөрдөн кийин "жана 5 жылдан ашык Кыргыз Республикасынын аймагында болушкан" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 32-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп эсептелген мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жок адам үчүн - Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин ал жашаган мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |