КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 12-октябры № 263
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө толуктоолор киргизүү тууралу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнүн бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "жоюу комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдө "(жоюучу)" деген сөз менен толукталсын.
2. 85-берененин 3-пунктундагы "кооперативдер" деген сөздөн кийин "саясий партиялар дагы башка" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |