МыйзамКүчүндө

КР 2009-жылдын 12-октябрындагы № 264 «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы

Редакция12.10.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 12-октябры № 264

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу

 

1-берене.

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 11-статьянын 4-пунктунун биринчи абзацындагы экинчи сүйлөм алып салынсын.

2. 18-статьяда:

2-пунктта:

- биринчи абзац "жоюу комиссиясын" деген сөздөрдөн кийин "(жоюучуну)" деген сөз менен толукталсын;

- экинчи абзац "жоюу комиссиясын" деген сөздөрдөн кийин "(жоюучуну)" деген сөз менен толукталсын;

3-пункт "Жоюу комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө "(жоюучу)" деген сөз менен толукталсын.

3. 19-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы "жоюу комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин "(жоюучу)" деген сөз менен толукталсын.

4. 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20-статья. Коомду жоюуну аяктоо

 

Каттоочу орган тиешелүү буйрук чыгарган учурдан тартып коомду жоюу аяктады, ал эми коом - өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев