Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 12-октябры № 265
"Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-берене.
"Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик реестр", "юридикалык жактардын мамлекеттик реестри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 4-статьянын 13-пунктунун биринчи абзацындагы экинчи сүйлөм алып салынсын.
3. 9-статьяда:
8-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Каттоочу орган тиешелүү буйрук кабыл алган учурдан тартып жоюу аяктады, ал эми чарбалык шериктештик же коом - өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет.".
4. 42-статьяда "юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүчү органдардагы" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |