Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 12-октябры № 267
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
225-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Ушул Кодекстин 28-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча иш токтотулган учурда, тергөөчү адамды актоо жана мыйзамсыз кармоонун же камоонун натыйжасында ага келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу боюнча мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүгө тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |