Загрузка документа…
КР 2013-жылдын 19-августундагы № 195 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 13-октябры № 270
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу
1-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж. № 3, 126-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
9-статьянын 1-бөлүгүндө:
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү;";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:
"19) алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу;"
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |