Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 13-октябры № 272
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 285-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн он, кызмат адамдарына ондон жыйырма" деген сөздөр "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн алтыдан он төрт, кызмат адамдарына жыйырмадан кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он бешке, кызмат адамдарына жыйырмадан элүүгө" деген сөздөр "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он төрттөн жыйырма, кызмат адамдарына кырктан жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 291-статьянын экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү" деген сөздөр "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он сегиз, кызмат адамдарына кырктан жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 295-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден эки, кызмат адамдарына экиден үч" деген сөздөр "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден төрт, кызмат адамдарына төрттөн алты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч, кызмат адамдарына үчтөн беш" деген сөздөр "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн төрттөн алты, кызмат адамдарына алтыдан он" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 298-статьянын экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына ондон жыйырма" деген сөздөр "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн төрттөн он, кызмат адамдарына жыйырмадан кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 302-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына бештен он" деген сөздөр "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден алты, кызмат адамдарына ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден экиге," деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден төрткө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 307-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"товарды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчү ондон он алтыга, кызмат адамдарына кырктан жүз өлчөмүнө администрациялык айып салууга алып келет.".
7. 308-статьянын экинчи абзацындагы "эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн он" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн алтыдан жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 354-статьянын экинчи абзацындагы "бештен" деген сөз "ондон" деген сөзгө алмаштырылсын.
9. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 408-1-статья менен толукталсын:
"408-1-статья. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн
жана (же) жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө декларацияны
бурмалоо жана (же) белгиленген мөөнөттө бербегендик
Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн жана (же) жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө декларацияны бурмалоо жана (же) белгиленген мөөнөттө бербегендик -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
10. 410-статьянын экинчи абзацындагы "элүү" деген сөз "жүз" деген сөзгө алмаштырылсын.
11. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 410-1-статья менен толукталсын:
"410-1-статья. Белгиленген тартипте жүргүзүлүп жаткан текшерүүгө
байланыштуу спирт жана алкоголь продукциясын
өндүрүүнү, сактоону жана сатып өткөрүүнү жүргүзгөн
текшерилүүчү ишкердик субъектинин аймагына же
имаратына кирүү тууралу ыйгарым укуктуу органдын
кызмат адамынын мыйзамдуу талабына тоскоол кылуу
Белгиленген тартипте жүргүзүлүп жаткан текшерүүгө байланыштуу спирт жана алкоголь продукциясын өндүрүүнү, сактоону жана сатып өткөрүүнү жүргүзгөн текшерилүүчү ишкердик субъектинин аймагына же имаратына кирүү тууралу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын мыйзамдуу талабына тоскоол кылгандык -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
12. 534-2-статьяда:
аталышындагы жана статьянын текстиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө контроль жүргүзүү боюнча мамлекеттик инспекция органдары" деген сөздөр "Спирттин жана алкоголдук продукциянын өндүрүлүшүн, сакталышын жана сатылышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-бөлүгүндөгү "354, 410" деген цифралар "354, 408-1, 410, 410-1" деген цифраларга алмаштырылсын;
ушул статьянын эскертүүсү "302-статьянын" деген сөздөрдөн кийин "307-статьяда" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |