Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 15-октябры № 273
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу
1-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 14-статьяда:
1-пункттагы "Шаарда, айыл жергесинде жана башка аймактарда жарнакты таратуу" деген сөздөр "Шаарларда, айыл округдарында жана башка аймактарда жарнакты жайгаштыруу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-пунктта:
- биринчи абзацтагы "Шаарда, айыл жергесинде жана башка аймактарда сырткы жарнакты таратууга" деген сөздөр "Шаарларда, айыл округдарында жана башка аймактарда сырткы жарнакты жайгаштырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацтагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "таратууга" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "жайгаштырууга" деген сөзгө алмаштырылсын;
3 жана 4-пункттардагы "таратууга" деген сөз "жайгаштырууга" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 24-статья "аймактык органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |