Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 15-октябры № 274
Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө индиялык тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиева |