Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 19-октябры № 280
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун укуктук статусу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу Протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун укуктук статусу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу Протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Катчылыгына аталган Протокол күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |