КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 19-октябры № 281
"Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 446-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-статьянын 3-пунктунда "райондун тиешелүү юстиция органдарында" деген сөздөр "тиешелүү каттоо органында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |