КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 19-октябры № 282
"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу
1-берене.
"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
10-берененин 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган гана учурда кооперативди мамлекеттик каттоодон баш тартуу болушу мүмкүн".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |