Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 26-октябры № 288
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 245-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
"- айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү өз убагында тапшырылган-тапшырылбагандыгын;".
2. 286-статьянын 1-бөлүгүндөгү "айып коюу жөнүндө токтомду" деген сөздөр "айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө токтомду" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |