Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 2-ноябры № 290
"Электрондук цифралык колтамга тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Электрондук цифралык колтамга тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 499-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө".
2. 1-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамдын максаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- электрондук документтерди колдонуунун укуктук негиздерин белгилөө;
- электрондук документтерге коюлуучу негизги талаптарды аныктоо;
- электрондук билдирүүлөр менен алмашуу процессинде электрондук цифралык колтамгаларды пайдалануу үчүн укуктук шарттарды камсыз кылуу, алар сакталганда электрондук цифралык колтамга өз колу менен коюлган колтамга катары таанылат;
- электрондук цифралык колтамгаларды күбөлөндүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу;
- электрондук документтерди жүргүзүү чөйрөсүндө пайда болуучу укук мамилелерине катышуучулардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилөө.";
2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары бири-бирине маалыматтарды электрондук алмашуу аркылуу акысыз берип турушат.";
3-пункттагы "эларалык макулдашууларга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"машиналык сактагыч - маалыматтарды техникалык каражаттардын жардамы менен жазуу жана сактоо үчүн колдонулуучу материалдык сактагычтар;
электрондук документтерди жүргүзүү - маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды колдонуу менен электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, жөнөтүү, берүү, алуу, сактоо, өзгөртүү, жок кылуу процесстеринин жыйындысы;
маалыматтык система - электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, жөнөтүү, алуу, сактоо, бүтүндүгүн текшерүү үчүн колдонулуучу программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын, методдордун жана жол-жоболордун комплекси.".
4. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-статьялар менен толукталсын:
"2-1-статья. Электрондук документти айландыруу чөйрөсү
1. Электрондук документ маалыматтарды түзүү, иштеп чыгаруу, жөнөтүү, алуу жана сактоо үчүн зарыл болгон программалык жана техникалык каражаттар колдонулган иштин бардык чөйрөсүндө жеке жана юридикалык жактар тарабынан пайдаланышы мүмкүн. Электрондук документтердин жардамы менен бүтүмдөр түзүлүшү, финансылык эсептөөлөр жүргүзүлүшү, кат алышуулар жүзөгө ашырылышы жана документтер жана башка маалыматтар берилиши мүмкүн.
2. Электрондук документтердин колдонулушун чектөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда белгилениши мүмкүн.
3. Электрондук документтер байланыштын бардык каражаттарынын, эгерде бул анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбесе, маалыматтык системалардын жана түйүндөрдүн жардамы менен жөнөтүлүшү мүмкүн.
2-2-статья. Электрондук документтерди пайдалануу жаатында мамилелерди укуктук жөнгө салуу
1. Ушул Мыйзам электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндө укуктук мамилелерге катышуучулардын укуктарын, милдеттерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоого, аны түзүүдө, иштеп чыгарууда, берүүдө, алууда, сактоодо маалыматтарды коргоону камсыздоого жана башка максаттарга багытталган.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү электрондук документти пайдалануу жана электрондук цифралык колтамга жаатында механизмдерди жүзөгө ашырууга жана ишке киргизүүгө багытталган чараларды көрөт.".
5. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы I-1 глава менен толукталсын:
"I-1 глава
Электрондук документ
2-3-статья. Электрондук документке коюлуучу негизги талаптар
Электрондук документ төмөнкү талаптарга ылайык болушу керек:
программалык жана техникалык каражаттардын жардамы менен түзүлүүгө, иштелип чыгууга, берүүгө, алууга, сактоого жана жок кылууга;
ушул Мыйзам менен белгиленген түзүмгө ээ болууга жана аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү реквизиттерди камтууга;
Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбөөгө.
2-4-статья. Электрондук документтин түзүмү
1. Электрондук документ жалпы жана өзгөчө болуп ажыратылгыс эки бөлүктөн турат.
2. Электрондук документтин жалпы бөлүгү документтин мазмунун жана алуучу тууралу маалыматты түзгөн информациядан турат.
3. Электрондук документтин өзгөчө бөлүгү ушул Мыйзамда каралган шарттарга жана талаптарга ылайык келген бир жана бир нече ЭЦКдан турат.
2-5-статья. Электрондук документти берүү формасы
1. Электрондук документ ички жана сырткы формада берилиши мүмкүн.
2. Электрондук документти ички формада берүү машиналык сактагычта жазылган электрондук документти түзүүчү маалыматтар болуп эсептелет.
3. Электрондук документти сырткы формада берүү электрондук документти дисплейдин экранында, кагаз бетинде же адамдын кабыл алуусу үчүн түшүнүктүү болгон түрдө (кошумча техникалык каражаттарсыз) жана формада машиналык сактагычтан көз менен көрө алгыдай башка материалдык объектте көз алдыга келтирүүсү болуп эсептелет.
2-6-статья. Электрондук документтин түп нускасы
1. Электрондук документтин түп нускасы машиналык сактагычта гана болот. Электрондук колтамга коюлган, машиналык сактагычта жазылган бири экинчисине окшош болгон электрондук документтин баардык нускалары түп нуска болуп эсептелет жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
2. Мазмуну боюнча окшош документтер кагаз бетинде жана электрондук документ түрүндө бир жак тарабынан түзүлгөн учурда, эки документ тең өз алдынча документ болуп таанылат.
3. Электрондук документ төмөнкүлөрдүн түп нускасы катары колдонула албайт:
1) мураска ээ болуу укугу жөнүндө күбөлүктүн;
2) мурас кагаздын;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир гана түп нускада түзүлө турган документтин, буга аталган электрондук документтердин түп нускаларын борбордук сактоо жайдын болушу каралган учурлар кирбейт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
2-7-статья. Электрондук документтин көчүрмөлөрү жана аларды күбөлөндүрүү
1. Электрондук документтин көчүрмөлөрү электрондук документтин сырткы көрүнүш формасын кагаз бетине түшүрүү аркылуу түзүлөт.
2. Кагаз бетине түшүрүлгөн электрондук документтердин көчүрмөсүндө тиешелүү электрондук документтин көчүрмөсү экендиги көрсөтүлүшү керек жана кагаз бетине түшүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
2-8-статья. Электрондук документтин юридикалык күчү
1. Машиналык сактагычтагы электрондук документ кагаз бетиндеги документке теңештирилет жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары документтин жазуу жүзүндө таризделишин талап кылса, анда электрондук документ ушул талаптарга ылайыктуу деп эсептелет.
3. Электрондук документтердин түп нускалары жана алардын кагаз бетиндеги көчүрмөлөрү ушул Мыйзамдын 2-7-статьясынын талаптарына ылайык бирдей юридикалык күчкө ээ.
4. Эгерде электрондук документти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык күбөлөндүрүү жана (же) мамлекеттик каттоо талап кылынса, мындай күбөлөндүрүүгө жана (же) мамлекеттик каттоодон өтүүгө электрондук документтин өзү, ошондой эле анын кагаз бетиндеги көчүрмөсү тийиштүү болот.
2-9-статья. Электрондук документтерди сактоо
1. Электрондук документтерди сактоо электрондук документтерди айландыруунун катышуучулары жана архив ишин жана документтештирилген маалыматты сактоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
2. Электрондук документтерди сактоо мөөнөтү ушул сыяктуу документтер үчүн кагаз бетинде мыйзамдарда каралган мөөнөттөн аз болбошу керек.
3. Электрондук документтерди сактоонун тартиби, шарттары жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
2-10-статья. Электрондук документти коргоо
1. Электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, берүү, алуу жана сактоо менен алектенген жактар ушул документтерди коргоонун зарыл болгон деңгээлин камсыздоочу программалык жана техникалык каражаттарды пайдаланышы керек.
2. Электрондук документтерди жана анда камтылган маалыматты коргоонун зарыл деңгээли электрондук документтерди айландырууну уюштуруу үчүн маалыматтык системаларды жана тармактарды пайдаланууда ошол системалардын жана тармактардын ээси тарабынан камсыздалат.
3. Маалыматтык системалардын жана тармактардын коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги шарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
2-11-статья. Жайылтууга тыюу салынган же чектелген маалыматтарды камтуучу электрондук документтер
1. Электрондук документтер жайылтууга тыюу салынган же чектелген мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сыр болуп эсептелген маалыматты камтышы мүмкүн.
Мындай маалыматтарды колдонуу эрежелери жана коргоо чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты камтуучу электрондук документтер менен иш жүргүзүү функциясына ээ мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар, алардын кызмат адамдары, ошондой эле жеке жактар аны коргоонун зарыл чараларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздоого милдеттүү.
2-12-статья. Банк аралык иштерде электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелер
1. Банк аралык иштерде электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ошондой эле банктар жана финансы-кредиттик мекемелер эсептелет.
2. Банк аралык иштерде электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндө субъекттердин ортосундагы мамилелер макулдашуулардын негизинде түзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында банк аралык системаларда банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин электрондук документтерди пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет.".
6. 5-статьянын 2-пунктундагы "эларалык макулдашууларына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 20-статьянын 1-бөлүгүндөгү "эларалык келишимдери", "эларалык келишими" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:
"Электрондук документ өзүнүн маанилүүлүгү боюнча жазуу жүзүндөгү далилдерге бирдей болгон далил болуп таанылат.
Сот системасында электрондук документтерди далил катары колдонуунун тартиби процесстик мыйзамдар менен жөнгө салынат.".
9. 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. Электрондук документтерди айландыруу жана электрондук
цифралык колтамгаларды колдонуу чөйрөсүндөгү
мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери - юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын аймагында алектенген иштеринин мүнөзүнө жана менчигинин формасына карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук документтерди айландыруу жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүчү юридикалык жана жеке жактар кардарларга кызматтарды көрсөтпөгөндүгү же ал кызматтардын тийиштүү эмес сапаты үчүн, ошондой эле ушуну менен келтирген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартышат.
3. Электрондук документтерде жайылтууга тыюу салынган же чектелген маалыматка өзүнүн кызматтык милдеттери боюнча жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдар аны мыйзамсыз жайылткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
4. Башка адамдын ЭЦКсын мыйзамсыз колдонуучу адамдар, анын ичинде жабык ачкычты мыйзамсыз алуу жана (же) тийиштүү ыйгарым укугусуз башка адамдын ЭЦКсын коюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
5. ЭЦКнын жабык ачкычынын ээсинин күнөөсү боюнча ЭЦКнын жабык ачкычына мыйзамсыз кирүүдөн улам ЭЦКнын ачык ачкычынын пайдалануучусуна зыян келтирилген учурда күнөөлүү адам зыяндын ордун толтурушу керек.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты айдан кийин күчүнө кирүүчү электрондук документтерди, алардын кагаз бетиндеги көчүрмөсүн нотариалдык күбөлөндүрүүгө тийиш болгон жоболорун кошпогондо, расмий жарыяланган учурдан баштап бир айдан эрте эмес күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |