Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 17-октябрындагы № 173 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 5-ноябры № 292
"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 704-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
1. 1-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук Агенттиги Фонддун акцияларын башкаруу боюнча мамлекеттин агентинин функцияларын аткарат, ошондой эле аларды кармоочу (акционер) болуп эсептелет.
Фонддун акцияларын сатууга, күрөөгө коюуга, кандайдыр бир башка ыкмалар менен милдеттерди артууга же алып коюуга мүмкүн эмес.".
2. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Фонддун максаты
Фонддун ишинин негизги максаты активдердин сакталышын жана көбөйтүлүшүн камсыз кылуучу мамлекеттин ишенип берилген активдерин натыйжалуу корпоративдик башкаруу жолу менен экономиканын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө, ишке ашырууга жана стимулдоого көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.".
3. 5-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7- жана 8-пункттар менен толукталсын:
"7) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктөрдө анын агенти катары мамлекеттин чыгышы;
8) Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук Агенттигине консультациялык, эксперттик жана аналитикалык кызматтарды акысыз негизде көрсөтүшү.".
4. 9-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3- жана 4-пункттар менен толукталсын:
"3) өзүнүн атынан баалуу металлдарды сатып алуу жана сатуу;
4) баалуу кагаздарды жана башка мүлктөрдү ишеним менен башкаруу.".
5. 12-статьяда:
12-статьянын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "долбоорлор" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "улуттук долбоорлор" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Фонд Фонддун акционери тарабынан аныкталган талаптарга жооп берүүчү улуттук долбоорлорду каржылайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча долбоорго "улуттук" статус берилет.".
6. 14-статьянын 1-пунктундагы "долбоорлор" деген сөз "улуттук долбоорлор" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 15-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "анын акционери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 16-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Фонддун таза пайдасын бөлүштүрүү тартиби Директорлор кеңешинин сунуштарынын негизинде анын акционери тарабынан аныкталат.".
9. 6-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-глава
Фонддун башкаруу органдарынын түзүмү
20-статья. Фонддун башкаруу органдары
1. Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жогорку органы - акционер;
2) байкоо жүргүзүүчү органы - Директорлор кеңеши;
3) аткаруу органы - Башкарманын төрагасы башында турган Башкарма;
4) контролдоочу органдар - ички аудитор жана тобокел-менеджер.
2. Фонддун башкаруу органдарынын функциялары, ыйгарым укуктары, түзүлүшүнүн жана ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Фонддун уставы менен аныкталат.
3. Мамлекеттик кызматчылар Фонддун акционеринин чечими менен анын башкаруу органына дайындалышы мүмкүн. Фонддун, ошондой эле анын акционеринин жетекчилери жана кызматкерлери өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн акы алуу укугу менен коммерциялык жана башка уюмдардын башкаруу органдарында, анын ичинде Фонд тарабынан каржылануучу улуттук долбоорлорду ишке ашыруучу юридикалык жактарда болууга, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү башкаруу органдарына кирүүгө укуктуу.
21-статья. Фонддун акционери
1. Фондду башкаруунун жогорку органы болуп анын акционери эсептелет, ал ушул Мыйзамда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясынын алкагында Фонддун ишинин маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
2. Фонддун акционеринин өзгөчө компетенциясына анын ишинин төмөнкүдөй атайын маселелери кирет:
1) Фонддун ишинин негизги принциптерин, багыттарын, артыкчылыктарын жана параметрлерин бекитүү;
2) Фонддун кредиттик жана инвестициялык саясатын ишке ашыруу максаты үчүн экономикалык стратегиялык жана артыкчылыктуу тармактарынын тизмегин аныктоо;
3) улуттук долбоорлорду Фонддун каржылоосу үчүн өткөрүп берүү. Мындай каржылоонун кредиттик жана инвестициялык тобокелдерин баалоо Фонддун Директорлор кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат;
4) мамлекеттин атынан Фонд мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө кирүү. Мындай өнөктөштүктө Фонддун катышуусунун тобокелин баалоо Директорлор кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Фонддун акционеринин регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору анын уставы менен аныкталат.
22-статья. Фонддун Директорлор кеңеши
1. Директорлор кеңеши Фонддун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу, аны башкаруунун коллегиялык байкоочу органы болуп эсептелет.
2. Директорлор кеңешинин компетенциясы ушул Мыйзамда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун уставы менен аныкталат.
3. Фонддун Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына анын ишинин төмөнкүдөй атайын маселелери кирет:
1) акционер тарабынан бекитилген багыттардын, принциптердин, артыкчылыктардын жана анын ишинин параметрлеринин негизинде Фонддун инвестициялык жана ишкердик стратегияларын, пландарын жана саясатын түзүү, бекитүү жана маалы менен жаңыртып туруу;
2) Фонддун операциялык жана инвестициялык ишинин негизги тобокелдерин аныктоо, ушул тобокелдер үчүн чектик деңгээлди белгилөө, ошондой эле аны башкарууну уюштуруу;
3) Фонддун аткаруу органдарынын ишине көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
4) Фондду ички контролдоонун адекваттуу жана натыйжалуу системасын түзүү жана сактоо;
5) Фонддун ишинин жана анын банк-катышуучулар, кредиторлор жана башка үчүнчү жактар менен өз ара аракеттеринин регламентин жана эрежесин бекитүү;
6) акционердин компетенциясына кирген Фонддун ишинин маселелери боюнча долбоорлорду, сунуштарды, экспертизаны, башка материалдарды жана документтерди даярдоо.
4. Фонддун Директорлор кеңешинин сандык курамы анын мүчөлөрүнүн жалпы саны так эмес болушу керектиги шарты менен анын акционеринин чечими боюнча аныкталат.
5. Фонддун Директорлор кеңешинин төрагасы кызматы боюнча Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча Кыргыз Республикасынын борбордук Агенттигинин директору же анын орун басары болуп эсептелет.
Фонддун Директорлор кеңешине кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кирет.
Фонддун Башкармасынын төрагасы кызматы боюнча Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет.
Фонддун Директорлор кеңешинин калган мүчөлөрү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга көз карандысыз адамдар тарабынан анын үчтөн биринен кем эмес курамы көрсөтүлүүгө тийиш болгон шартта акционер тарабынан дайындалат.
6. Директорлор кеңешинин регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору Фонддун уставы менен аныкталат.
22-1-статья. Фонддун башкармасы
1. Башкарма Фонддун ишине учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу, анын коллегиялык аткаруучу органы болуп эсептелет.
2. Башкарманын курамына Фонддун Директорлор кеңешинин төрагасынын сунушу боюнча Директорлор кеңеши дайындоочу Фонддун башкы директору, аткаруучу директору жана финансылык директору кирет.
Фонддун Башкармасынын мүчөлүгүнө жакшы бедели бар жана өздөрүн кесиптик жактан көрсөтүшкөн, инвестициялоо, экономика жана башкаруу жаатында жетиштүү тажрыйбасы бар адамдар дайындалат.
Башкарманын мүчөлөрүн Директорлор кеңешинин төрагасынын демилгеси боюнча Директорлор кеңеши ээлеген кызматынан бошотот.
3. Башкы директор Фонддун Башкармасынын төрагасы болуп эсептелет жана анын ишине жетекчилик кылат.
Башкарманын төрагасына Фонддун ишинин маселелери боюнча оперативдүү жана аткаруучу-тескөөчү чечимдерди кабыл алууга, Фонддун атынан келишимдерди (макулдашууларды) түзүүгө, ошондой эле Фонддун уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды колдонууга ыйгарым укуктар берилет.
4. Башкарманын регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору Фонддун уставы менен аныкталат.
22-2-статья. Фонддун контролдоо органдары
1. Фонд Фонддун ишинин максаттарына жетүүгө жагымсыз таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон материалдык, инвестициялык жана финансылык коркунучтарды туруктуу негизде аныктоого жана баалоого мүмкүндүк берүүчү ички контролдоо жана тобокелди башкаруу системасына ээ болууга тийиш. Мындай баалоо бардык тобокелдерди, анын ичинде кредиттик жана инвестициялык тобокелди, валюталык тобокелди, топтоо тобокелин, ликвиддүүлүк тобокелин, операциялык тобокелди, юридикалык тобокелди, репутациялык тобокелди, саясий тобокелди жана башкаларды камтышы керек.
Фонд ыйгарым укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүү системасына ээ болушу керек. Кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылыштарынын чөйрөсү аныкталууга, минималдаштырылууга жана көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө алынышы керек.
Фонддун тобокелдерин оперативдүү көз карандысыз контролдоо үчүн Директорлор кеңеши тобокел-менеджерди дайындайт, ал Фонддун тобокелдерин башкаруу боюнча анын саясатын ишке ашырууга жооптуу болот. Тобокел-менеджер Фонддун Директорлор кеңешине отчет берет.
2. Фонддо ички аудитор жүргүзүүчү ички аудит жүзөгө ашырылууга тийиш, анын компетенциясына ички контролдоо системасынын адекваттуулугун жана натыйжалуулугун, ошондой эле Фонддун аткаруучу кызмат адамдарына жүктөлгөн милдеттердин бекитилген кызматтык нускамаларга ылайык аткарылышынын сапатын, мыйзамдардын сакталышын жана эсептин тууралыгын текшерүү жана баалоо жана Фонддун саясатына ылайык башка маселелер кирет.
Фонддун ички аудитору дайындалат жана Директорлор кеңешине отчет берет. Аудит жүргүзүү тартиби жана ага талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Директорлор кеңеши тарабынан жана Фонддун уставы менен аныкталат.
22-3-статья. Коомдук контролдоо
1. Фонд квартал сайын расмий басылмаларга өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды жарыялайт.
2. Улуттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө коомдук контролду жүзөгө ашыруу максатында жарандык коомдун өкүлдөрүнөн Фонддун Байкоочу кеңеши түзүлөт.
Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн курамы, аларды көрсөтүү тартиби жана иши Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө жобо менен аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |