Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 16-ноябры № 299
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9 , 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбулада:
экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"продукциянын, жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү процесстеринин милдеттүү түрдөгү талаптарын иштеп чыгуулар, кабыл алуулар, колдонуулар жана аткаруулар;
продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин, иштерди аткаруунун, кызмат көрсөтүүнүн талаптарын ыктыярдуу негизде иштеп чыгуулар, кабыл алуулар жана аткаруулар;";
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ушул Мыйзам эмгекти коргоо жаатындагы социалдык-экономикалык, уюштуруу, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, реабилитациялык чараларда, адамдын жалпы жугуштуу ооруларынын пайда болушун жана жайылуусун алдын алуу боюнча чараларды колдонууда, адамдын ооруларын профилактикалоодо, медициналык жардам көрсөтүүдө (продукциялардын, анын ичинде дары-дармек каражаттарынын, медициналык техниканын, тамак-аш продукциясынын милдеттүү түрдөгү талаптарын иштеп чыгууну, кабыл алууну, колдонууну жана аткарууну кошпогондо), кыртышты, атмосфералык абаны, курорттордун суу объекттерин, туризмдин жана жалпы эс алуунун жерлерине киргизилген суу объекттерин коргоо боюнча чараларда, мамлекеттик билим берүү стандарттарына, бухгалтердик эсеп боюнча жоболорго (стандарттарга), аудитордук иштин эрежелерине (стандарттарына), баалуу кагаздарды эмиссиялоо жана жүгүртүү стандарттарына, баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иш жүргүзүүнүн стандарттарына, баалоо ишинин стандарттарына жайылтылбайт.".
2. 1-статьяда:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"продукциянын жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин коопсуздугу (мындан ары - коопсуздук) - жеке жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, анын ичинде жаныбарларга жана өсүмдүктөргө, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол берилгис тобокелдиктин жок болушу;";
төртүнчү абзацтагы "талаптарын" деген сөз "жоболорун" деген сөз менен алмаштырылсын;
он үчүнчү абзацтагы "каттоону," деген сөздөн кийин "жактырууну," деген сөз менен толукталсын;
он төртүнчү жана он алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"шайкештикти тастыктоо - тастыктоочу жол-жоболор:
- продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин техникалык регламенттердин талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдердин шарттарына шайкеш келүүсүн;
- жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүү стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдердин шарттарына шайкеш келүүсүн;";
он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"каттоо - шайкештикти баалоо формасы, ал аркылуу тиешелүү тизмектеги продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин мүнөздөмөлөрү көрсөтүлөт;";
он тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"сертификаттоо - шайкештикти тастыктоо формасы, анын жүрүшүндө сертификаттоо боюнча орган продукция же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери, жумуштардын аткарылышы жана кызмат көрсөтүүлөр техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдин шарттарына шайкеш келээрин документ түрүндө ырастайт;";
жыйырманчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"шайкештик сертификаты - документ, ал продукция же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдин шарттарына шайкеш келээрин ырастайт;";
жыйырма үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"стандарт - документ, ал консенсустун негизинде иштеп чыгарылат, анда продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин, жумуштарды аткаруунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн эрежелери, жалпы принциптери, мүнөздөмөлөрү көп жолку ыктыярдуу пайдалануу үчүн белгиленет. Ошондой эле стандартта терминологияга, символикага, таңгактоого, маркировкалоого жана/же этикеткалоого коюлуучу талаптар камтылышы мүмкүн;";
жыйырма алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"техникалык регламент - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишим (макулдашуу) менен кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген документ, мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, аларда продукциянын жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин милдеттүү түрдө колдонулуучу жана аткарылуучу талаптары, ошондой эле алардын белгиленген милдеттүү талаптарга шайкеш келүүсүн баалоонун формалары жана жол-жоболору белгиленет;";
жыйырма жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"техникалык жөнгө салуу - техникалык жөнгө салуунун объекттерине коюлуучу милдеттүү түрдөгү жана ыктыярдуу талаптарды белгилөө, колдонуу жана аткаруу жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу жана шайкештикти баалоо жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу;";
статья жыйырма тогузунчу - отуз бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"арыз ээси - жеке же юридикалык жак, алар шайкештикти тастыктоо үчүн шайкештик жөнүндө тиешелүү декларацияны кабыл алышы же шайкештик сертификатын алуу үчүн кайрылышы;
эрежелердин топтому - конструкцияларды же буюмдарды долбоорлоонун, даярдоонун, монтаждоонун, техникалык тейлөөнүн же жабдууну ишке киргизүүнүн техникалык эрежелерин же жол-жоболорун сунуш кылган документ. Эрежелердин жыйнагы министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор же аткаруу бийлигинин башка органдары кабыл алуучу стандарт, стандарттын бир бөлүгү, же өз алдынча документ болушу мүмкүн;
продукцияны жүгүртүү - кийин сатуу үчүн продукцияны чыгаруу же Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү;
техникалык жөнгө салуу объекттери - продукция, долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү;
жактыруу - продукцияны жүгүртүүгө чыгаруу үчүн же белгиленген багытта же белгиленген шарттарда пайдалануу үчүн техникалык регламентте белгиленген тартипте берилген уруксат;
шайкештик презумпциясы - эл аралык, региондук, улуттук стандарттарды колдонууну техникалык регламенттердин талаптарын сактагандык катары каралган жобо;
коопсуздуктун маанилүү (жалпы) талаптары - техникалык жөнгө салуунун объекттерине коюлган милдеттүү түрдөгү талаптар, алар тиешелүү өлчөө бирдиктериндеги конкреттүү (сандык) маанилерди белгилөөсүз берилиши.".
3. 2-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"продукцияга же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, жумуштарды аткарууга же кызмат көрсөтүүгө коюлуучу талаптарды белгилөө эрежелеринин бирдиктүүлүгү;".
4. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4-статья. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын
компетенциясы
Техникалык жөнгө салуу жаатындагы бирдиктүү саясатты ишке ашыруу максатында техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- иштерди координациялоо жана техникалык жөнгө салуу тутумунун катышуучуларынын ишин методологиялык камсыздоо;
- аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарынын негизинде техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу программаларын түзүү боюнча иштерди координациялоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берүү;
- техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды кабыл алуу, кайрадан кароо боюнча иштерди координациялоо жана уюштуруу;
- эксперттик комиссияларда техникалык регламенттердин долбоорлорун талдоо жүргүзүү боюнча иштерди уюштурууну камсыз кылуу;
- техникалык жөнгө салуу боюнча интеграцияланган маалыматтык тутумун жана веб-сайттын иштөөсүн камсыз кылуу;
- техникалык жөнгө салуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жүргүзүү.
Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл кылуу боюнча функцияларды жүргүзүүгө укуксуз.
Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган Дүйнөлүк соода уюмунун соодадагы техникалык бөгөттөр боюнча макулдашуусуна ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат.".
5. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6-статья. Техникалык регламенттер
Техникалык регламенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен кабыл алынат.".
6. 7-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Техникалык регламенттерде ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда аталган максаттарга жетишүү үчүн зарыл болгон минималдуу талаптар зыян келтирүү тобокелдигинин даражасы эске алынып, белгиленет.";
2-пункттагы экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"продукцияга жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлуучу илимий негизделген, өзгөчө талаптар, алар жеке жактардын айрым категорияларын (эрезеге жете элек балдарды, кош бойлуу аялдарды, бала эмизген энелерди жана майыптарды) коргоону камсыз кылуу;
эгерде өзгөчө талаптар жок болуп, климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрдүн айынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда аталган максаттар аткарылбаса, продукцияга жана/же аны менен байланышкан долбоорлоонун (иликтөөнү кошкондо), өндүрүүнүн, куруунун, монтаждоонун, жөндөөнүн, сактоонун, ташуунун, сатуунун, ишке киргизүүнүн, утилдештирүүнүн айрым жерлердеги процесстерине коюлуучу илимий негизделген, өзгөчө талаптар.";
3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Техникалык регламенттер тигил же бул продукцияга жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине өндүрүү (ишке ашыруу) өлкөсүнө жана (же) жерине, бүтүмдөрдүн жана (же) даярдоочу, аткаруучу, сатуучу, сатып алуучу болуп эсептелген жактардын мүнөздөрүнө же өзгөчөлүктөрүнө карабай бир түрдүү жана бирдей өлчөмдө иштелип чыгат жана колдонулат, буга ушул статьянын 2-пунктунда каралгандар кирбейт.
4. Эл аралык стандарттар ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда каралган максаттарды ишке ашыруу үчүн техникалык регламенттерди иштеп чыгууда негиз катары толугу менен же алардын бир бөлүгү колдонулууга тийиш, буга аталган максаттарды аткарууда же технологиялык проблемалардын климаттык, географиялык факторлорунун айынан мындай эл аралык стандарттар же алардын тиешелүү бөлүктөрү натыйжасыз же жараксыз каражат болуп калган учурлар кирбейт.
Техникалык регламентти иштеп чыгуу зарылдыгы жаралып, бирок тиешелүү эл аралык стандарттар жок болсо, анда иштеп чыгуучу региондук же улуттук стандарттарды техникалык регламенттерди иштеп чыгуу үчүн толугу менен, же алардын бөлүктөрүн негиз катары колдоно алат.".
7. 8-статьяда:
1-пункттун биринчи абзацындагы "өндүрүш процесстеринин (усулдарынын), сактоонун, ташуунун, сатып өндүрүүнүн, пайдалануунун жана таштандыларды иштетүүнүн" деген сөздөр "жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери" деген сөздөр менен алмаштырылсын,";
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Продукцияга жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, шайкештикти баалоонун формаларына жана схемаларына коюлуп, техникалык регламенттерде камтылган милдеттүү түрдөгү талаптар Кыргыз Республикасынын бардык аймагында тикелей колдонулат жана тиешелүү техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен гана өзгөртүлүшү мүмкүн.
Техникалык регламентте эл аралык практикада каралган учурларда техникалык жөнгө салуунун объекттерине маанилүү (жалпы) талаптар белгилениши мүмкүн.";
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Продукцияга жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлуп, техникалык регламентке киргизилбеген талаптар милдеттүү мүнөзгө ээ эмес";
6-пункттун үчүнчү абзацы "эларалык" деген сөздөн кийин "жана/же региондук" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 9-статьянын 3-пунктундагы ", өндүрүш процесстерине (усулуна), сактоого, ташууга, сатып өткөрүүгө, пайдаланууга жана таштандыларды иштетүүгө" деген сөздөр "жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 10-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10-статья. Техникалык регламентти мыйзам формасында кабыл алуунун
тартиби";
статьянын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "жалпы" деген сөз алып салынсын;
4-пункт "техникалык" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому формасында кабыл алынган" деген сөздөр менен толукталсын.".
10. 11-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"11-статья. Техникалык регламентти Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтому формасында кабыл алуунун тартиби";
статьянын бардык тести боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "атайын" деген сөз алып салынсын;
4-пункт "техникалык" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому формасында кабыл алынган" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 12-статьянын 1-пунктундагы "эларалык стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге" деген сөздөр "эл аралык, региондук стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 13-статьяда:
1-пункттун биринчи абзацындагы ", өндүрүш процесстерине (усулдарга), сактоого, ташууга, сатып өткөрүүгө, пайдаланууга жана таштандыларды иштетүүгө" деген сөздөр "жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-пункттагы "6-статьясынын 2-пунктунун" деген сөздөр "жана 5-статьянын максаттарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 14-статьяда:
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"техникалык регламенттердин талаптарын сактоого көмөк көрсөтүү;";
- тогузунчу абзацтагы ", анын ичинде техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышына" деген сөздөр алып салынсын.
14. 15-статьяда:
1-пункттун төртүнчү абзацындагы "эларалык стандарттарды, ченемдерди жана эрежелерди" деген сөздөр "эл аралык, региондук стандарттарды жана эрежелерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Стандарттар тигил же бул продукцияга же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, жумушту аткарууга, кызмат көрсөтүүгө өндүрүү (ишке ашыруу) өлкөсүнө жана/же жерине, бүтүмдөрдүн жана/же даярдоочу, аткаруучу, сатуучу, сатып алуучу болуп эсептелген жактардын мүнөздөрүнө же өзгөчөлүктөрүнө карабай бир түрдүү жана бирдей өлчөмдө иштеп чыгарылат жана колдонулат.".
15. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"16-статья. Стандартташтыруу боюнча документтер
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу стандартташтыруу боюнча документтерге төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары;
стандартташтыруу жаатындагы стандартташтыруунун жана сунуштоонун эрежелери;
эл аралык стандарттар;
региондук стандарттар;
башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттары;
эрежелер топтому;
уюмдардын стандарттары.
Эл аралык региондук стандарттар жана башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттары стандартташтыруу боюнча улуттук орган белгилеген усулдукка ылайык Кыргыз Республикасында стандартташтыруу боюнча улуттук документ катары кабыл алынат.".
16. 17-статьянын 2-пунктунун онунчу абзацындагы "(региондук)" деген сөз ", региондук" деген сөз менен алмаштырылсын.
17. 18-статьяда:
"ченемдердин," деген сөз алып салынсын; "эларалык" деген сөздөн кийин ", региондук" деген сөз менен толукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Техникалык жөнгө салуунун объекттерине коюлуучу маанилүү (жалпы) талаптарды камтыган техникалык регламент кабыл алынган учурда стандартташтыруу боюнча улуттук орган техникалык регламент күчүнө киргенге чейин кабыл алынган техникалык регламенттин талаптарын сактоону камсыз кылуу үчүн негиз болуп берүүчү эл аралык стандарттардын, ал эми алар жок болсо, региондук жана улуттук стандарттардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басылмасында жана/же жалпы пайдалануудагы электрондук маалымат тутумунда жарыялайт.
Стандартташтыруу боюнча улуттук орган техникалык регламентке шайкеш келүүнү баалоо жол-жоболорунда колдонулуучу сыноолордун (өлчөөлөрдүн) эрежелерин жана усулдарын, анын ичинде сынамыктарды тандап алуунун усулдарын камтыган эл аралык стандарттардын, ал эми алар жок болгон учурда региондук жана улуттук стандарттардын тизмегин техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин бекитет.
Стандарттардын аталган тизмектери (же жалпы тизмеги) техникалык регламентти иштеп чыгуучу тарабынан стандартташтыруу боюнча улуттук орган менен макулдашып түзүлөт.
Эл аралык, региондук жана улуттук стандарттарды ыктыярдуу негизде колдонуу тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарын сактоонун бир шарты болуп эсептелет.
Жогоруда аталган стандарттарды колдонбоо техникалык регламенттердин талаптарын сактабагандык катары бааланбайт.".
18. 20-статьяда:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"техникалык жөнгө салуунун объекттеринин техникалык регламенттерге же стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдин шарттарына шайкеш келүүсүн тастыктоо;";
үчүнчү абзац "стандарттардын жоболоруна" деген сөздөрдөн кийин ", эрежелердин топтомуна" деген сөздөр менен толукталсын.
19. 21-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Жол-жоболор тигил же бул продукцияга же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, жумушту аткарууга, кызмат көрсөтүүгө өндүрүү (ишке ашыруу өлкөсүнө жана/же жерине бүтүмдөрдүн жана/же даярдоочу, тапшыруучу, аткаруучу, сатуучу, сатып алуучу болуп эсептелген жактардын мүнөздөрүнө же өзгөчөлүктөрүнө карабай бир түрдүү жана бирдей өлчөмдө иштеп чыгарылат жана колдонулат.".
20. 22-статьянын 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
21. 29-статьянын 2-пунктундагы "10 белгинин деңгээлиндеги" деген сөздөр алып салынсын.
22. 31-статьяда:
2-пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"эгерде шайкештик сертификатынын же шайкештик жөнүндө декларациянын колдонуу мөөнөтү аяктаса, же шайкештик сертификатын, шайкештик жөнүндө декларацияны колдонуу убактылуу токтотулуп турса же токтотулса, анда продукциянын жеткирилиши токтотулуп турат же токтотулат;
продукцияны жеткирүү жана сатуу убактылуу шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоодон өтүп, техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбегендиги аныкталса, продукцияны жеткирүү же сатуу убактылуу токтотулуп турат же токтотулат.".
23. VI бөлүктүн аталышындагы "талаптарын" деген сөз "жоболорун" деген сөз менен алмаштырылсын.
24. 35-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"35-статья. Мамлекеттик көзөмөлдүн объекттери
1. Техникалык регламенттердин сакталышына мамлекеттик көзөмөл продукцияга же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине карата жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.".
25. 37-статьянын 4-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоо-тиричилигине коркунуч келтирген авариялар же эпидемиялар пайда болуучу өзгөчө учурларда же өзгөчө кырдаалдарда долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерин өндүрүүчүгө (аткаруучуга, сатуучуга) жазма буйрук жана/же пломба коюу жолу менен тыюу салуу (убактылуу токтотуу) жөнүндө чечимди кабыл алууга;".
26. VII бөлүктүн аталышындагы "талаптарына" деген сөз "жоболоруна" деген сөз менен алмаштырылсын.
27. 38-статьянын 1-пунктундагы "талаптарын" деген сөз "жоболорун" деген сөз менен алмаштырылсын.
28. 39-статьянын аталышы жана 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"39-статья. Продукциянын жана/же аны менен байланышкан
долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу,
монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке
киргизүү, утилдештирүү процесстеринин техникалык
регламенттердин талаптарына шайкеш келбей калышы үчүн
жоопкерчилик
1. Долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерин жүргүзүүдө техникалык регламенттердин талаптарынын бузулушун жоюу жөнүндө мамлекеттик ыйгарым укуктуу атайын органдын жазма буйругун аткарбаган учурда даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.".
29. 42-статьянын биринчи абзацындагы "эларалык (региондук) стандарттар, ченемдер жана эрежелер" деген сөздөр "эл аралык, региондук стандарттар, эрежелердин топтомдору" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
30. 43-статьяда:
төртүнчү абзацтагы "талаптарынын" деген сөз "жоболорунун" деген сөз менен алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"техникалык жөнгө салуу жана веб-сайтты жүргүзүү боюнча интеграцияланган маалымат тутумунун иштөөсүн камсыз кылуу үчүн.".
31. 44-статьяда:
1-пункттагы ", өндүрүш процесстерине (усулдарына), сактоого, ташууга, сатып өткөрүүгө, пайдаланууга жана таштандыларды иштетүүгө" деген сөздөр "жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктта:
- тамга менен көрсөтүлгөн пунктчалар ийри каша менен жабылган сандарга алмаштырылсын;
- 1-пунктчадагы "6-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр "5-статьянын 1-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 2-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- 5-статьянын 1-пунктунда белгиленген талаптарга жана ушул талаптар белгиленген ченемдик укуктук актыларга шайкеш келүүсү милдеттүү түрдө бааланууга тийиш болгон продукциялардын жана башка объекттердин толук тизмектери. Продукцияга карата мамиледе тышкы соода ишинин товардык номенклатурасынын коддору милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш;";
4 жана 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасын (аларды кабыл алуунун формасын көрсөтүп) бекитет, ал жыл сайын такталууга жана жарыяланууга тийиш.
5. Продукцияга жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлуучу талаптарды милдеттүү түрдө аткарууну жана сактоону белгилеген техникалык регламенттер, ошондой эле шайкештикти баалоонун милдеттүү түрдөгү жол-жоболору ушул Мыйзам кабыл алынган күндөн баштап сегиз жылдын ичинде кабыл алынууга тийиш.
Продукцияга жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлган милдеттүү түрдөгү талаптардын техникалык регламенттери аталган мезгилде кабыл алынбаса, аталган мөөнөт аяктаганда колдонуу токтотулат же ыктыярдуу мүнөзгө ээ болот.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап 3 айдан кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |