МыйзамКүчүндө

КР 2009-жылдын 8-декабрындагы № 307 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (»Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө«,»Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 8-декабры № 307

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-берене.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

2-берене.

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 7-статьянын 2-пунктундагы "орус" деген сөз "расмий" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. 9-статьяда:

1-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле чет тилдеринде баяндалышы керек.";

3-пункттун экинчи абзацындагы "кыргыз жана/же орус тилиндеги" деген сөздөр "мамлекеттик жана расмий тилиндеги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

К. Бакиев