Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 18-декабры № 310
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"түз жарнак - жеке адамга же юридикалык жакка, товарларга, товардык белгилерге, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө, идеяларга же демилгелерге кызыгууну жаратуу же колдоо жана аларды сатып өткөрүүгө өбөлгө түзүү максатында айрым товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана адамдарды ачык жарнактоо;
Кыйыр (купуя) жарнак - жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн буруу жана/же коомдук пикир жаратуу же тийиштүү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө, идеяларга жана демилгелерге, сатып алуучулук жүрүм-турумга жана/же жапырт же жеке аң-сезимге кыйыр таасир этүүчү, бардык формаларда жана ар кандай каражаттар менен атайылап жасалуучу, түз жарнактан башка бардык аракеттер, алар калыс жана объективдүү пикирди түзүү менен төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
- спорттук, маданий жана музыкалык иш-чараларда демөөрчүлүк колдоо көрсөтүүнү;
- товарларды, тамеки тартууну, тамеки буюмдарын, алардын маркаларын жана өндүрүүчүлөрдү кеңири таанытуу үчүн белгилүү артисттерди тартуу менен көркөм тасмаларды жаратууну;
- жарнактык жарыяларда айрым товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланышкан көрүнүктүү саясый жана коомдук ишмерлерди, адамдарды эске салууну;
- теле-оюн зооктордо жана тасмаларда кыйыр таасир этүүчү жарнак маалыматтарды жайгаштырууну;
- массалык-маданий иш-чараларды. ачык акцияларды жана конкурстарды уюштурууну;
- купондорду, талондорду басып чыгаруу аркылуу бааны арзандатууну колдонуу менен айрым товарларды, кызмат көрсөтуүлөрдү жана демилгелерди сатып өткөрүү деңгээлин стимулдаштырууну жана жогорулатууну;
- азык-түлүк жана тамеки буюмдар түрүндө азык-түлүк эмес товарларды жасоону жана сатууну;
- радио-, телеберүүлөрдө, макалаларда, кулактандырууларда жана жарнамалык маалыматтарда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштарын (аттарын), алардын логотиптерин, товардык белгилерин пайдаланууну же демонстрациялоону.".
2. 16-статьяда:
1-пунктта:
- биринчи абзацтагы ", тамекинин жана тамеки заттарынын" деген сөздөр алынып салынсын;
- экинчи абзацтагы "чыгууга" деген сөз "таратылууга" деген сөз менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- бешинчи абзацтагы "тамеки тартуу жана", "же тамеки тартуу" деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы абзацтагы "же тамеки тартпоону", ", тамекинин жана тамеки заттарынын" деген сөздөр алып салынсын;
- он биринчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- он үчүнчү абзацтагы "жана тамеки заттарынын" деген сөздөр алып салынсын;
- он төртүнчү абзацтагы "же тамеки заттарынын" деген сөздөр алып салынсын;
- он бешинчи абзацтагы "жана тамеки заттарын", "же тамеки заттарынын", "жана чылым тартуунун" деген сөздөр алып салынсын;
пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Радиодо жана телекөрсөтүүлөрдө саат 7ден 22ге чейин алкоголдук ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салынат.";
2-пунктта:
- биринчи абзацтагы ", тамекинин жана тамеки заттарынын" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацтагы ", анын ичинде "жеңил", "өзгөчө жеңил", "чайыры жана никотини аз", "жеңил" же ушул сыяктуу" деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктта:
- биринчи абзацтагы ", тамекинин жана тамеки заттарынын" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацтагы "жана тамеки чегүүнүн" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзацтагы ", тамеки заттарын" деген сөздөр алып салынсын.
Статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тамекиге жана тамеки заттарга ар кандай (түз жана кыйыр) жарнамалоого тыюу салынат.
Тамеки продукцияларынын жарнагы тамеки буюмдары сатылуучу жерлерде гана уруксат берилет. Жарнактык материал 2000 кв. см. чоң эмес өлчөмдө болуу керек. Дүкөндүн ичиндеги ар бир жарнак материал бардык учурларда медициналык эскертүү менен коштолууга жана жарнак аянттын 40 пайыздан кем эмесин ээлөөгө тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |