Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 25-декабры № 315
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыч Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
346-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"346-статья. Салык салуудан качуу жана бухгалтердик эсепти
бурмалоо
Пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруу (азайтуу) түрүндөгү салык салуудан качуу, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Бухгалтердик эсептин жоктугу же бурмаланышы, салыктарды эсептөө жана бюджетке төлөө менен байланышкан бухгалтердик отчетторду, баланстарды, эсеп-кысаптарды жана башка документтерди бербөө, -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү: Эгерде салыкты жашыруу (азайтуу) өлчөмү жарандар үчүн отуз эсептешүү көрсөткүчүнөн, кызмат адамдары үчүн - жүз элүү эсептешүү көрсөткүчүнөн, юридикалык жактар үчүн - үч жүз эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпаса, администрациялык айып жашырылган (азайтылган) сумманын 50 пайызы өлчөмүндө салынат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |