Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 17-февралы № 1
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
21-статьянын 1-бөлүгү "чектерде" деген сөздөн кийин "Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фонду," деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |