Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 31-майындагы N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 18-февралы № 2
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"Эсептөө палатасынын мүчөсү - Эсептөө палатасынын аудитору - ушул Мыйзамда белгиленген Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча тийиштүү алкакта милдеттери бар мамлекеттик кызмат орун.".
2. 2-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасы ратификациялаган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 9-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептөө палатасы Эсептөө палатасынын тогуз аудиторунан, алардын курамынан дайындалган Эсептөө палатасынын төрагасынан, аппаратынан жана анын аймактык бөлүмчөлөрүнөн түзүлөт.".
4. 12-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептөө палатасынын жогорку органы болуп Эсептөө палатасынын төрагасынан жана Эсептөө палатасынын аудиторлорунан турган Эсептөө палатасынын Кеңеши эсептелет.";
3-бөлүктөгү "үчтөн экиси" деген сөздөр "жарымынан көбү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 16-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган Эсептөө палатасынын аудиторлорунун арасынан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.";
2 жана 3-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.
6. 17-статьянын 1-бөлүгүндөгү 1 жана 11-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.
7. 19-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Эсептөө палатасынын төрагасы ушул Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ээлеген кызматынан бошотулат.".
8. 20-статьяда:
1-бөлүктөгү "10 жылдан" деген сөздөр "7 жылдан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Эсептөө палатасынын аудиторлорунун курамынын үчтөн бирин - Кыргыз Республикасынын Президентинин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; ушул Мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот.
Эсептөө палатасынын аудиторлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат.";
4-бөлүктөгү "Администрациясынын" деген сөз "Аппаратынын" деген сөз менен алмаштырылсын; "Конституциялык сотунун" деген сөздөр "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 23-статьяда:
4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча" деген сөздөр "Эсептөө палатасынын төрагасынын сунушу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 61-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептөө палатасынын төрагасы жыл сайын Эсептөө палатасынын иштери тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |