Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 11-марты № 6
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга "Владимир Путин атындагы чоку" деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы Кыргыз тоо кыркасындагы 4446 метр бийиктиктеги аты жок чокуга "Владимир Путин атындагы чоку" деген географиялык аталыш ыйгарылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |