Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 21-апрели № 15
Бишкек шаарында 2011-жылдын 8-февралында кол коюлган Транзиттик ташуулар борборун эксплуатациялоо үчүн отун сатып алууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2011-жылдын 8-февралында кол коюлган Транзиттик ташуулар борборун эксплуатациялоо үчүн отун сатып алууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун кыргыз тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |