Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 21-апрели № 16
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана
толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 315-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча башкы мекемелер саламаттык сактоо жана айыл чарба жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар болуп саналат.".
3. 11-статьяда:
7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Коргонуу, чек ара кызматы, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жазык-аткаруу тутумунун органдарынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери аскер кызматчыларынан кургак учук табылганда алардын жашаган жери боюнча кургак учукка каршы диспансерлерге (бөлүмдөргө, кабинеттерге) маалымдоого милдеттүү.";
8-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ички иштер жана жазык-аткаруу тутумунун органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 13-статьянын 2-бөлүгүндөгү "тиешелүү санитардык эрежелерге" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылардын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 16-статьянын экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
6. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Жарандардын жоопкерчилиги"
Жарандар ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат.
Кургак учук менен ооругандар, анын ичинде кургак учуктун жугуштуу формалары менен ооруган жана дарылоого муктаж адамдар стационардык дарылоодон качкандыгы жана инфекцияны таратуу коркунучу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат.
Дарылоодон жана мыйзамдарда белгиленген санитардык-гигиеналык талаптарды сактоодон кыянаттык менен качкан кургак учук менен ооруган оорулуулар соттун чечими боюнча кургак учукка каршы атайын түзүлгөн дарылоо мекемелерине мажбурлап жаткырылат.".
7. 24-статьяда:
1-бөлүк "эл аралык келишимдердин" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген" деген сөздөр менен толукталсын;
2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |