Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 13-майы № 23
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 23-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес болот.".
2. 30-берененин 3-бөлүгүндөгү "кеминде бир айдан" деген сөздөр "кеминде он беш күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттүн ичинде:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |