МыйзамКүчүндө

КР 2011-жылдын 16-майындагы № 24 «Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы «Энергетика секторун өнүктүрүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция16.05.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 16-майы № 24

 

Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Азия Өнүктүрүү Банкына көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева