Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 18-майы № 26
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын:
"8-1-берене. Угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген
адамдарды маалыматтар менен камсыз кылуу
1. Берүүлөрү Кыргыз Республикасынын үч жана андан көп областтарын камтыган мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук телевизиондук каналдардын телевизиондук жаңылык көрсөтүүлөрү сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен коштолууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жана/же улуттук коопсуздук коркунучунун чыгышы тууралуу ыкчам маалыматтык билдирүүлөр сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен коштолууга тийиш.
3. Берүүлөрү Кыргыз Республикасынын үч жана андан көп областтарын камтыган мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук телевизиондук каналдардын жетекчилеринин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен милдеттүү коштолууга тийиш болгон телевизиондук көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |