Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 19-майы № 28
"Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2011-жылдын 5-апрели, № 25) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-берененин 1-тиркемесине жана 4-берененин 2 жана 2-1-тиркемелерине бюджеттик классификациянын төмөнкү статьялары боюнча 1000000,0 миң сом чыгашаларды кыскартуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилсин:
"башка кызматтарды сатып алуу" - 6,5 пайызга же 214803,3 миң сомго;
"имараттар жана курулмалар" - 11,7 пайызга же 741433,3 миң сомго;
"машиналар жана жабдуулар" - 5,1 пайызга же 43763,4 миң сомго.
2. 3-берененин 1-тиркемесине жана 4-берененин 2 жана 2-1-тиркемелерине бюджеттик классификациянын төмөнкү статьялары боюнча 1000000,0 миң сом чыгашаларды көбөйтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилсин:
"калкты социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпул" - 11,5 пайызга же 400000,0 миң сомго;
"калкка социалдык жардам берүү боюнча жөлөкпул" - 5,1 пайызга же 600000,0 миң сомго.
3. 5-берененин 2-бөлүгүндөгү "5650226,9" деген цифралар "5250226,9" деген цифраларга алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамына № 1 тиркеме |
| "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамына № 2 тиркеме |
| "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамына № 2-1 тиркеме |